Ош шаарынын бюджети 194 млн. 979 миң сомго көбөйөт
![Ош шаарынын бюджети 194 млн. 979 миң сомго көбөйөт](https://gdb.rferl.org/80FF3880-581B-42C9-94AE-C5498AECA4D4_w800_h450.jpg)
2020-жылга Ош шаарынын бюджетин 1 млрд. 322,6 млн. сомго бекитүү сунушталууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу бул жылы шаар казынасы 194 млн. 979 миң сомго көбөйдү. 2018-жылы шаардын бюджети 940 млн. сом, 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом менен бекитилген.
Шаардын казынасы боюнча коомдук угуу 2020-жылдын 23-январында болот. (MdN)