Багдадда полиция демонстранттарга ок атты
26-январда Ирактын борбору Багдад шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларда полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн ок атты. Тахрир аянтынын жанындагы Халлани жана Ватба аянтында чогулгандардын арасында бери дегенде 17 киши жарадар болгону кабарланды. Демонстранттар полиция кызматкерлерине таш, май куюлган бөтөлкө ыргытышты.
Нааразылык акциялар Насирия шаарында да өттү. Демонстранттар борбордук Ал-Хабоби аянтына кете турган жолдогу аянтты ээлеп алышты. Бул шаарда мындын бир күн мурда каршылык акцияларда пполиция менен демонстранттар кагылышып, үч адам ажал тапкан.
Иракта бийликке каршы демонстрациялар былтыр 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны бери дегенде 500гө чамалады.
Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.