Иранда жүргүнчү учак конуу тилкесинен чыгып кетти
Ирандын "Каспий" аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы Махшехр шаарына конуп жатып, тилкеден чыгып кетти. Борттогу 135 жүргүнчүнүн баары аман-эсен экенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, учак конуу тилкесинде токтой албай жакынкы кара жолго чейин сүрүлүп барган.
"Макдоннелл Дуглас" учагы Тегерандын Мехрабад аэропортунан учуп чыккан. "ISNA" жаңылыктар агенттиги учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча эртең менен 7:50дө кырсыктаганын жазды.
Мамлекеттик телеканалдын окуя болгон жерге барган кабарчысынын айтымында, конуу маалында учактын арткы дөңгөлөгү жулунуп кеткен. Ирандын айрым расмий өкүлдөрү учак кеч конгону үчүн тилкеден чыгып кеткенин айтып жатышат.
Эл аралык уюмдардын рейтингинде Иран авиациясы начар өлкөлөрдүн катарында турат. 25-январда Тегерандан Стамбулга сапар алган дагы бир ирандык учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра баш калаага конууга аргасыз болгон. Ал окуяда эч ким жабыркаган эмес.