Азиз Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча соттук отурум уланат
28-январда Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угууну улантат. Адвокат Замир Жоошевдин «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, бүгүнкү отурумда иште күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө беришет.
- Улуттук гематология борборунун дарыгерлери көрсөтмө беришет. Анткени Батукаевдин өсмө оорусуна чалдыкканы тууралуу аталган борбордун көрсөтмөсү анын абактан бошотулушуна негиз болуп берген, - деди ал.
23-январдагы жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленко суралган. Мындан тышкары, бул иште коррупция үчүн шектүү болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон дагы үч мурдагы жетекчиге сотто айыбы угузулду. Алар коюлган күнөөгө макул эмес экенин айтып жатышат.
Сот отуруму айыпталуучулардын бири - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.(ZKo)