Орусия Кытай менен чек арасын жапты
![Орусия Кытай менен чек арасын жапты](https://gdb.rferl.org/C407ED7B-DE5C-4AE4-9271-BE434F9B8978_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Орусия коронавирустан улам Кытай менен чек арасын жабууну чечти. Бул тууралуу орус премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн 30-январдагы жыйынында жарыялады. Ал Кытай менен чек ара дароо жабыларын эскертти.
- Буйрукка бүгүн кол коюлду жана ал иштей баштады. Биз Ыраакы Чыгыш аймагында чек аранын жабылышына байланыштуу чаралар жана өкмөт көрүп жаткан башка иш-аракеттер тууралуу бардык жарандарга тиешелүү маалыматтарды берет, - деди Мишустин.
Ал Орусиянын аймагында Кытайдан чыккан жаңы вирусту жугузгандар жок экенин белгиледи.
Кытайдын өзүндө өпкөнү сезгенткен инфекцияны 7700 адам жугузганы, кеминде 170 адам каза тапканы ырасталды.