Помпео Киевде Зеленский менен жолугушат
![Помпео Киевде Зеленский менен жолугушат](https://gdb.rferl.org/49546C23-96E4-45AB-862C-3AE2F756FF70_w800_h450.jpg)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Киевге барды. Вашингтондун жогорку өкүлү украин президенти Владимир Зеленский жана башка жетекчилер менен жолукканы жатат. Мамлекеттик департамент маалымдагандай, Помпео украин бийлигинин Орусиянын «агрессиясына» каршы туруу жана коррупцияны жоюу аракеттерине АКШнын атынан колдоосун билдирет.
Мамлекеттик катчынын иш сапары Сенатта президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо процесси уланып жаткан убакка туш келди. Демократтар Трампты «украин президентинен АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин жана анын уулунун Украинадагы ишмердигин текшертүүнү талап кылган, Киевге аскердик жардам берүү ушул маселеге көз каранды болорун айткан» деп айыпташууда.
Бир нече күн мурун маалымат каражаттары Помпео радио журналисттин суроосуна: «Америкалыктар чындап эле Украинага кызыгат деп ойлойсузбу?» – деп ачууланып жооп кайтарганын жазышты.
Украина Кошмо Штаттардын аскердик жана саясий колдоосуна муктаж. Мамлекеттик катчы чыгыш Украинадагы куралдуу кагылышууларда курман болгондордун урматына арналган иш-чарага катышмакчы. 2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушунан 13 миңден көп киши каза тапты. Орусия ошондой эле Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.