"Журналисттер" Назгүл Кожокулованын зыйнатына акча чогултууда
"Журналисттер" коомдук бирикмеси тележурналист Назгүл Кожокулова 16-февралда оорудан улам көз жумганын кабарлады.
Маалыматка караганда, мурда бир канча телеканалдарда иштеген Кожокулова соңку жылдары ооруп төшөктө жатып калган. Артында уулу калды.
Анын үй-бүлөсүнө жардам иретинде журналисттер ЭЛСОМ аркылуу акча чогултууну чечишти. Номуру - 0550 522 116.
"Журналисттер" коомдук бирикмеси чогултулган каражат боюнча отчет берилерин билдирди.