Ооганстанда «зомбулукту азайтуу» аптасы 22-февралда башталмакчы
Мындай мунаса Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында табылганы кабарланды. Бул мөөнөт ичинде ооган коопсуздук күчтөрү «Ислам мамлекети» террордук тобу сыяктуу башка согушкерлерге каршы операцияларын мурдагыдай эле уланта беришет. Файзал эгер талибдер шартты буза турган болсо, ооган армиясы дароо жооп кайтарарын эскертти.
Талибдердин үч лидери «зомбулукту азайтуу» тууралуу макулдашылганын ырасташты. Бирок «Талибандын» Катардын баш калаасы Дохадагы бир лидери муну атышпоо тууралуу келишим деп атоого болбой турганын «Reuters» агенттигине билдирди. Азырынча АКШ бийлиги комментарий бере элек.
Ооган жергесинде 18 жылдан бери тынчыбай келаткан жарандык согушту жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнөн азырынча майнап чыкпай келатат.