УКМК: Туруктуу коррупциялык схема түзүп алган топ кармалды
Сулаймановдун айтымында, Коррупцияга каршы кызмат аларды 20-февралда колго түшүрдү. Экөө тең Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып кирген деп шек саналып жатат.
«Бул кызматкерлер 2019-жылы Кыргызстанга товарларды тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн, тоскоолдуксуз өтүү үчүн системалуу түрдө акча жыйнап турган. Учурда бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат», - деди ал.
Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмышка шектүү болуп жаткан эки кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркыдай атала баштаган.
Бир катар жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык иретинде түшкөн каражаттын азайышын жана биримдиктин жалпы соода-сатыгына кирүүдө кыйынчылыктар көп болгонун айтып жүрүшөт. (RK)