Помпео: "Талибан" менен тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн
Вашингтон менен "Талибан" Ооганстандагы жаңжалды саясий жолдор менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп келгенин белгилеген. Помпео кол коюлгандан кийин оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталарын кошумчалады.
"Талибан" келишимге 29-февралда кол коюу пландалып жатканын бышыктады. Бирок ооган бийлиги менен диалог качан башталарын тактаган жок.
Буга чейин талибдер Кабул өкмөтүн "Вашингтондун кол баласы" деп, түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген.
21-февралда Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавед Файсал АКШ, Ооганстан жана "Талибан" кыймылынын "бир жумага зомбулукту азайтууну" көздөгөн макулдашуусу ишембиге караган түнү күчүнө киргенин билдирген.