АКШда учакка түшкөндөр 96% азайды
![АКШда учакка түшкөндөр 96% азайды](https://gdb.rferl.org/9313C509-A09D-4DE1-911B-8766268C9974_w800_h450.jpg)
Коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркап жаткан Кошмо Штаттарда авиажүргүнчүлөр 96% азайды.
Транспорт коопсуздугунун башкармалыгы жарыялаган жаңы статистикага ылайык, 8-апрелде аэропортторунун көзөмөл пункттарынан болгону 95 миң киши өткөн. 2019-жылдын ушул эле күнү 2,3 миллион жүргүнчү өткөн болчу.
«Airlines for America» ассоциациясы ички каттамдагы учактарда орундуктардын ондон бири гана ээленип жатканын билдирди. Уюм америкалык авиакомпаниялар активдүүлүгүн 71% азайтышканын, бул жүргүнчү агымынын кескин азайышына жана көпчүлүк штаттардагы чектөөлөргө байланыштуу экенин белгилейт.
10-апрелге карата АКШда COVID-19 инфекциясына чалдыккандар 470 миңге жакындады.