Кастыкты козутуу үчүн айыпталган тажик журналистинин соту башталды
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы Шомансур райондук соту журналист Далер Шарифовдун ишин териштире баштады. Анын адвокаты Абдурахмон Шарифов 15-апрелде судья сот жараянын ачык өткөрүүгө макул болгону менен «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пандемияга байланыштуу эскертүүлөрүнөн улам сот залына саналуу гана адамдар киргизилет» деп айтканын маалымдады.
Журналист ушул жылдын башында Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. Ага «улут аралык жана диний кастыкты козуткан», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айып коюлган.
Эгер сот журналистти күнөөлүү деп тапса, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Шарифов күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму тажик бийлигин Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырган жана ага кылмыш ишинин козголгонун «акылга сыйбай турган көрүнүш» катары сыпаттаган.