2-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат
2-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын көп жаайт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус болот.