ТИМ: АКШдагы башаламандыкта кыргыз жарандары жабыркаган жок
Акыркы күндөрү АКШда болуп жаткан башаламандыкта мерт болгондордун, жабыркагандардын жана кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрлик жана Вашингтон шаарындагы кыргыз элчилиги АКШдагы жашаган мекендештерге кайрылып, эл көп чогулган жерлерге барбоого үндөштү. Ошондой эле башаламандык учурунда кармалган, жабыркаган же набыт болгон кыргызстандыктар тууралуу маалымат болсо, элчиликке кабарлоону өтүнгөн.
Бир жума мурун Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоо өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Вашингтондо 31-майда Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет паркына жүздөгөн киши нааразылык акциясына чогулуп, кээ бирлери парктын кире беришин курчоого алган полицияны көздөй желим шишелерди ыргытып жатты. Караңгы киргенде кеминде эки жерде өрт чыкканда тартип коргоочулар жаш агызчу газ жана кулак тундурган граната колдонушту.
Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зомбулук менен коштолду. (ZKo)
Байланышуу даректери: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg или kgembassy.usa@mfa.gov.kg.