Көчмө китепкана элет балдарын кубантты
![Көчмө китепкана элет балдарын кубантты](https://gdb.rferl.org/4ad9c4e9-ba06-431f-b505-f44cce25b2db_tv_w800_h450.jpg)
Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине караштуу Үлгүлтүксүз жана профессионалдык билим берүү мектеби пандемия учурунда көчмө китепкана уюштурду. Мектеп окуучуларына арналган китептерди алар Нарын облусунун аймагында бекер таратышат. Иш-чаранын максаты, жайкы каникулда айылдан чыга албаган окуучуларга колдоо көрсөтүү.