Министрлик бейтаптардын жакындарын эрежени сактоого чакырды
Саламаттык сактоо министрлиги убактылуу ачылган стационарга жакындарын өз алдынча алып баргандарды кооптуу зонага өтпөөгө чакырды. 6-июлда министрдин орун басары Мадамин Каратаев түз эфирдеги брифинг учурунда элге кайрылп, бейтаптардын жакындарына санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сакташ керек экенин эскертти.
Анын айтымында, «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» базасында ачылган убактылуу жайда айрым бейтаптардын жакындары оору жугушу ыктымалдыгы жагынан кооптуу деп эсептелген зонага өтүп кетүүдө.
«Зонага кирбесеңиздер! Жакындары ооруп жаткандарды түшүнөбүз. Сиздерден сураныч, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды так сактасак. Биринчи кездери, билесиздер, эч кимди киргизбей, көзөмөл катуу болгон. Бирок кийин «Тез жардам» машинеси жетпей жаткандыктан мен «Өз машинеңер менен алып келгиле. Абалы оор болсо кабыл алабыз» дедим. Медицина кызматкерлери эмне кылыш керек экенин билет. Сураныч, алып баргандан кийин ошолорго мүмкүнчүлүк берсеңиздер!» - деди ал.
Соңку бир аптадан бери Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооругандар көбөйүп жатат, каза болгондор да аз эмес. Абал өзгөчө Бишкекте оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирүүдө. Шаардагы ооруканаларда орун жетишпегендиктен өкмөт бир нече стационардык жай ачкан. Алардын бири мурдагы «Гансиде». Ал жакта 600дөй орун ачылган.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (RK)