COVID-19: Штаб сөөктү жерге берүү эрежелерин эскертти
Коронавирустан же пневмониядан каза болгон адамдын сөөгүнөн ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтыш үчүн адистердин айтканын так аткаруу керек. Бул тууралуу 14-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди.
Штаб тараткан эскертүүдө вирус абада кеминде 3-4 саат жашай алары, эгер тийиштүү эрежелер так сакталса зыянды азайтса болору белгиленди.
Ооруканада үзүлгөн бейтаптын сөөгү өлүкканадан жуулары, кепинделип, полиэтиленге оролуп, зарыл болсо ошол жердин короосунан эле жаназасы окулары жана аны дароо көрүстөнгө алып кетүү зарыл экени айтылды.
Сөөктү ачып, кармап, өбүүгө тыюу салынары эскертилди.
Ал эми үйүндө ооруп жатып жан берген адамдын сөөгүн жерге берүүдө санитардык дарыгердин айткандарынын баары так сакталышы керектиги, жаназага катышкандар жеке гигиена эрежелерин сактап, беткап жана колкап кийип жүрүшү зарыл экени айтылды.
Штаб сөөк атайын автоунаа менен гана жеткирилиши керектигин белгилеп, коронавирустан каза болгондор үчүн өзүнчө көрүстөн ачуу зарылчылыгы жоктугун кошумчалады.
Кыргызстанда март айынан бери ооруканаларда коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду. Бейрасмий маалыматка караганда, үйдө дарыланып жатып каза болгондор да көбөйдү. (RK)