"Ала-Тоо" кубогу Европадагы кыргыздарды чогултту
![](https://gdb.rferl.org/388187c6-9950-4d01-bad1-d06e6f44fcb0_tv_w800_h450.jpg)
Европада жашаган кыргызстандыктар Эгемендүүлүк майрамын белгилешти. Прагада чогулган мекендештер футбол ойноп, "Ала-Тоо" кубогу үчүн ат салышты. Мелдешке Германиянын жана Чехиянын командалары катышты. Прагада комуз күүсү жаңырып, чех жергесинде төрөлгөн бөбөктүн тушоо кесүү тоюу менен башталды.