Москва: Ташиевдин табышмактуу сапары
29-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.