Жер энедеги ак менен каранын күрөшү
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Робин Киммерердин китебинин негизинде “Жер эне” музыкалык спектакли коюлду. Студенттер роль жараткан спектаклде ак менен каранын, жаман менен жакшынын, зордук-зомбулук менен боорукердиктин күрөшү, табиятты таза кармоо тууралуу ой чагылдырылган.