Жапаров референдумда башкаруу системасын тандоону сунуштады
Президенттикке талапкерлигин коюу үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда “Жетинчи каналга” курган маегинде билдирди. Ал 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоорун "10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ" деп атады.
С.Жапаровдун айтымында, коомдогу талкуулардан соң Конституциялык кеңешме түзүү чечими кабыл алынды.
“Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, “бүгүн-эртең кабыл ал” деп жаткан эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Мен парламентке башка сунушту айтар элем. Жогорку Кеңешке, былтыр болсо керек эле, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз “парламенттик башкарууну каалайсыңбы, же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деген суроону референдумга чыгарууну сунуштаган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем”, - деп С.Жапаров билдирди.
Садыр Жапаров референдумда экинчи маселе катары парламенттин түзүмү боюнча суроону кошуу зарыл, мындан соң Баш мыйзамды кабыл алса болот, деп кошумчалады
Ал 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизм катары сынга алды.
17-ноябрда Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлган. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдирип, Баш мыйзамдын долбоорун өздөрү жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.
20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучуну Т.Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин иши 15-20 күнгө созуларын айткан.
Жаңы Конституциянын тарапкерлери, эгер алардын варианты кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын, буга курултай институту да огожо болоорун баса айтышса, ал эми алардын долбоорунун сынчылары болсо "бул кадам - өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган", деген кооптонуусун билдирүүдө.