Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Президенттик шайлоо, талапкерлердин нааразылыгы

Президенттик шайлоо, талапкерлердин нааразылыгы

Президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканын айтып, маалымат жыйын өткөрүштү.

Басма сөз жыйынга 10-январдагы шайлоодо ат салыша турганын билдиргендердин ичинен Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Бакытбек Жумагулов жана Кубанычбек Токтосунов катышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз шайлоого катышуу үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаровдун «7-каналдагы» маеги учурунда атаандаштары боюнча айткандарын кескин сынга алды. Ал талапкерлерди чындыкты калыс айтып турууга чакырды:

“Садыр Жапаровдун билдирүүсүн кунт коюп угуп чыгып, арасынан бири-бирине туура келбеген, алешем сөздөрдү, логикалык карама-каршылыктарды, кээ бир жеринен парадоксалдуу көрүнүштөрдү таптым. Бирок негизги элге берген таасири “менин командам жакшы, калгандары мага бут тоскон бузукулар” деген сыяктуу болуп жатат. Мындай абайлап сүйлөбөгөн сөздөр элди экиге бөлүшү мүмкүн. Биз мындай нерседен кооптонушубуз керек”.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков 24-ноябрдагы маалымат жыйында шайлоо алдындагы мыйзам бузуу жана тоскоолдуктар айтыла турганы пландалганын, бирок 23-ноябрдагы Садыр Жапаровдун маегинен кийин маалымат жыйындын форматы өзгөрүп кеткенин белгиледи.

Бирок Равшан Жээнбеков өз билдирүүсүнүн басымдуу бөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан болуп жаткан тоскоолдуктарга арнады. Анын айтымында, БШК талапкерлердин баардыгына бирдей шарт түзгөн эмес:

“Борбордук шайлоо комиссиясы  азыр 20-кылымдын технологиясы менен иштеп жатканын айтып койгум келет. Мен талапкер катарында кол чогултууга уруксатты кечээ күнү эле алдым. Мыйзам боюнча мурда 30 миңден 60 миңге чейин колду 50 күндө чогултушубуз керек болчу. Азыр кезексиз президенттик шайлоо болуп жаткандыктан 10-15 күндүн ичинде 60 миң кол топтош керек болуп жатат. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. БШК логикага сыйбаган талаптарды коюп, бизге чоң тоскоолдуктарды жаратып жатат”.

Равшан Жээнбеков кол чогултууда колдонула турган БШКнын  барагын дагы сынга алды. Анын айтымында, талапкерди колдоого макул болгон адам телефон номерин, паспортунун сериясын жана анын номерин жазыш керек. Жарандардын көпчүлүгү коопсуздугу үчүн жеке маалыматтарды берүүгө макул болбой жатат.

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясыннын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын да маалымат жыйыны болмок. Ал жерде 10-январга белгиленген президенттик шайлоо боюнча жалпы маалымат берилмек. Бирок Нуржан Шайлдабекова буга чейин журналисттердин алдына чыккан жок. БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков төрайымдын маалымат жыйыны БШКнын мүчөлөрүнүн отуруму менен бир убакытка туш келип калгандыктан, башка күнгө жылдырылганын билдирди.

Ал эми президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясатчылардын дооматтарына Борбордук шайлоо коммиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди. Ал талаптардын баары шайлоо мыйзамдарына ылайык коюлуп жатканын айтты.

“Кол коюу барагы мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар менен толтурулат. Талапкер эртерээк аракет кылса, кол коюу барагын эрте алмак да. Өзү талапкерлигин соңку күнү сунуштаса, кол чогултканга тиешелүү эсеп-кысапты ачпаса, мөөнөттөрү кыскарып кетет. Анын үстүнө шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүдө мерчемделген убакыт төрттөн бирге кыскарат. Мурда документтерди он күн текшерсек, азыр сегиз күн бөлүнгөн. Ал эми үгүт иштери 35 күндөн 26 күнгө кыскарган. БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берди”.

Президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, 3-декабрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет. Жети күндүн ичинде коюлган колдордун аныктыгы текшерилет.

Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо үчүн 2020-жылдын 6-декабрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына керектүү документтерди тапшырышы керек. БШК жети календардык күндүн ичинде талапкерди каттоону жүзөгө ашырат  же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып, тагыраагы 15-декабрдан 9-январга чейин уланат.

“Мугалимдер бул жолу да бийликке ыктай баштады”

Ал эми "Реформа” партиясынын лидери, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Клара Сооронкулова Садыр Жапаров шайлоо алдында Кыргызстанды кыдырып, "үгүт иштери менен алек болду" деп эсептейт. Ал аймактарда административдик ресурс колдонула баштаганын да кошумчалады.

“Биздин түштүк өрөөнүндөгү ишенимдүү адамдарыбыз мугалимдерден талапкерибизди колдоп беришин суранган. Сөз мен жөнүндө болуп жатат. Бирок мугалимдер “бизге кимдир бирөөнү колдогонго тыюу салынды. Бир гана Садыр Жапаровду колдоп беришибиз керек” деп жооп берген. Эгерде башка адамга жан тартканыбыз билинип калса, анда аларга чара көрүлө турганын да айтышыптыр. Бул биз үчүн күтүлгөн эле окуя. Бирок 5-октябрдагы окуя эмнеден улам чыкканын эстен чыгарбашыбыз керек”.

Ушул маселе Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушуп жаткан учурда да көтөрүлгөн. Анда сөз алган жергиликтүү тургундардын бири мындай деген эле:

«Билим берүү тармагы талкаланып бүттү. Шаардык, облустук билим берүү мекемелеринин кеңсеси шайлоо үчүн иштеген жер болуп калды. Ар бир айылда ондогон мугалимдер шайлоодо чуркап иштеп жүрүшөт».

Жапаров буга: «Мугалимдер да, дарыгерлер да мындан ары шайлоого иштебейт, жергиликтүү бийлик да иштебейт. Жакында шайлоо болот. Биз муну сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз», - деп жооп берген.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын он алтысы ар кандай себептер менен жарыштан чыкты. Калган 47 талапкердин тогузу БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемесинен атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөн.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Архангельские команды успешно стартовали в финале Ночной хоккейной лиги



Мода

В подмосковных Мытищах открылся универмаг российских дизайнеров Slava Concept






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Путин назначил Александра Нуризаде новым послом России в Хорватии

В Подмосковье 11 мая пройдут первые концерты фестиваля «Город танцует в парках»

MASH: У Юрия Куклачева отобрали телефон и решили не отправлять его в санаторий

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?


Москва

Патрулирование пожароопасных участков лесов провели в Подмосковье






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Собянин: внимание Путина к Москве дорогого стоит



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Джиган собирается торговать пивом




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Матч ЦСКА - "Рубин" завершился со счетом 2:2

На международной выставке-форуме "Россия" в Москве завершилась тематическая неделя спорта

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Александр Мостовой

Экс-футболист Мостовой о предложении от "Пари НН": будем думать и смотреть



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России