Аба ырайы: Кар жаайт
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 14-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгалак болот. Туман түшөт.
Абанын температурасы:
Талас жана Чүй облустарында түнкүсүн -15...-9°, күндүз -3...-8°,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10°, күндүз -1...4°,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6°, күндүз -1...4°,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22°, күндүз -3...-8°,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -32...-27°, күндүз -9...-14°.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-0 м/c. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-10°, күндүз -5...-7° суук болот.