Европа Биримдигинде коронавируска каршы эмдөө 27-декабрда башталат
Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпандын айтымында, адегенде карылар үйүндө жашагандар эмделет.
“Pfizer/BioNTech” вакцинасы Евробиримдиктин аймагында расмий каттоодон өткөн алгачкы препарат болуп калды. Буга чейин бул вакцинаны АКШ жана Британия каттап, эмдөө иштери башталган. АКШ "Moderna" компаниясынын вакцинасын колдонууга да уруксат берген. Бирок вакцинаны колдонуу Британияда вирустун жаңы түрү жайылып жатканы тууралуу кабар тараган учурга туш келди. Мурдагыга караганда жугуштуу деп эсептелген мутацияланган вирус учурда Британиянын бир нече аймагында жайылып жатканы кабарланды. Ушундан улам жекшембиден тартып бир катар өлкөлөр Британия менен каттамдарды токтотушту.