“Ну, погоди!” мультфильминин жаратуучуларынын бири Курляндский каза болду
Курляндский балдар жана чоңдор үчүн юмордук жана сатиралык аңгемелердин автору катары да белгилүү болчу. Ал жараткан “Сениби, шашпа!” , Азамат, Гоша” ("Великолепный Гоша") аттуу мульфильмдер Советтер Биримдигинде өзгөчө атакка жеткен.
Маркум Курляндский, ошондой эле, “Ералаш” ("Аралаш") аттуу балдардын юмордук тасма журналынын авторлорунун бири болчу.
Ал "Таитиде болгон эмес белеңиз?" («Вы не были на Таити?»), "Бизди бул жакта деле дурус оокаттандырышат!" («А нас и здесь неплохо кормят!»), "Эң сонун!" («Прелестно!») жана "Попугай Кеша казына издейт" («Попугай Кеша ищет клад») деген повесттерди жазган.
Тааанымал сатирик, драматург, сценарист, балдар үчүн китептердин автору Курляндский 1988-жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал 2007-жылы Орусиянын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.
Ал онкологиялык оорунун айынан каза болгондугу кабарланды.