Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине мурунку салыкчы Жылдызбек Турганбаев дайындалды
Мэриянын басма сөз катчы Азамат Абсаттаровдун айтуусунда, биринчи вице-мэр калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун буйругун менен дайындалып, мэриянын жамаатына тааныштырылды.
Жылдызбек Турганбаев 2019-жылдын июль айынан бери Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп турган, ага чейин түштүк аймагы боюнча, Ош шаары, Өзгөн, Ноокат райондорунда салык кызматын жетектеген.
Биринчи вице-мэр шаардагы экономика тармагына жооптуу. Мурдагы биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы бир күн мурда кабарланган. (DU)