Коюу тумандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда
![Коюу тумандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда](https://gdb.rferl.org/D319BF2A-3351-46A0-A7F7-06DBAA593701_cx31_cy0_cw68_w800_h450.jpg)
«Ош» эл аралык аэропортунун аймагын 4-январда саат 18:20дан бери коюу туман каптап турат.
Буга байланыштуу аба каттамдары кармалып жатканын «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Тумандан улам «Тез Жет» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек, «Авиа Траффик» компаниясынын Ош-Бишкек рейстери уча элек.
Аэропорттун жетекчилиги жарандарды каттамдар тууралуу маалыматтарды сурап билүү түйүндөрүнөн 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 телефондору аркылуу тактап алууга чакырууда. (NT)