Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Баш мыйзамдагы «баланстын баш оорусу»

Баш мыйзамдагы «баланстын баш оорусу»

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорун караган Конституциялык кеңешмеде бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап, бийликтин бир колго топтолушуна жол бербөө маселеси маанилүү экени айтылды.

Ошондуктан кеңешменин бир катар мүчөлөрү анда аткаруу бийлигинин башында турчу президентке чоң ыйгарым укуктар берилгенине карабастан, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин өз алдынчалыгын камсыз кылуучу ченемдер сунушталып жатканын белгилешти. Буга чейин коомчулукта сунушталган баштапкы долбоордо президенттик бийликти күчөтүп, анын жеке басар диктатураны орнотууга өбөлгө түзүү коркунучу бар экени сынга алынган болчу.

Бийликти бир колго топтоо кооптуу

Жаңы Баш мыйзамдын долбооруна алымча-кошумчалар киргизилип, ал азыр редакциялык жана лингвистикалык экспертизага берилгени белгилүү болду. Конституциялык кеңешме жакында кайра чогулуп, Баш мыйзамдын долбоорунун оңдолуп-түздөлгөн вариантын кайра талкуулап чыгып, аны жакында жарыялай тургандыгы айтылды. Долбоорду Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңешке киргизген соң, аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынат.

Жогорку Кеңеш узаган жылдын соңунда Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча демилге көтөрүп, анын тексти коомчулукка жарыяланган учурда ага карата бир топ сын-пикирлер айтылган. Долбоор чексиз президенттик бийликти орнотууга багытталганын сындаган бир катар юристтер Кыргызстан мындай Конституциянын кесепеттерин эки ирет баштан кечиргенин мисал келтиришкен. Андан соң долбоорду иштеп чыккан тарап Конституциялык кеңешмеде талкуу учурунда ага оңдоп-түзөө кире турганына убада берген. Бирок ошондон бери долбоордун текстине кандай өзгөртүүлөр киргизилгени азырынча белгисиз.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова бул абал бийликти бир колго топтогон жеке басарлыкка алып келет деп чочулайт.

«Кооптонтуп жаткан маселе - азыр жаңыдан иштелип чыга турган Конституция кандай болот? - деп суроо койду ал. - Мен буга чейинки долбоор менен таанышып чыкканмын. Анан азыр эми Конституциялык кеңешменин талкуусунан кийин долбоорго кандай түзөтүүлөр киргени белгисиз. Анысын көрө элекпиз. Жарыяланса аны аябай жакшы талдап чыгабыз. Негизги багыт - мен азыр бийликти узурпациялоого каршы күрөш баштайын деп турам. Анткени менин көз карашым боюнча азыркы жүрүп жаткан аракеттерди бийликти бир колго топтоого жана аны узурпациялоого багытталып жаткан аракеттер деп баамдап жатам. Эгерде аша чаап кете турган болсо, анда кайрадан эле узурпация маселеси көтөрүлөт».

Баш мыйзамдагы негизги ыйгарым укуктар

Жаңы долбоор боюнча мамлекеттик түзүлүш өзгөрүп, парламент өкмөттү түзүү укугунан ажырайт. Президент мамлекеттин ички-тышкы саясатын аныктап, аткаруу бийлигин жетектеп, өкмөттү түзүп, жергиликтүү бийликти жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин дайындап, кайра бошотот.

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда мамлекет башчы мыйзам жок болгон шартта, укуктук жактан мыйзамдай күчкө ээ болгон жарлыктарды чыгарып, ошондой эле өз алдынча мыйзам сунуш кылып же парламент кабыл алган мыйзамдарды артына кайтаруу укугуна ээ болот. Парламенттин референдум дайындоо укугу президентке өтөт.

Азыркы Баш мыйзам боюнча президенттин мыйзам чыгаруу укугу жок. Ал мыйзамдарга вето койгондо парламент аны үчтөн эки добуш менен жарып өтүп, күчүнө киргизет. Ал эми парламенттик азчылыкка Бюджет, Финансы комитети менен Укук тартиби, коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагаларын дайындоо укугу берилген эле.

Парламент БШКнын, Эсеп палатасынын курамынын үчтөн экисин өз алдынча бекитип, Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын жана акыйкатчыны президенттин сунушу менен шайласа, башкы прокурорду дайындоого макулдугун берип келген.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев эми бул укуктар президентке берилерин айтып, бирок парламент да мамлекеттик бийликти түзүүдөн четте калбай турганын белгиледи:

«Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламентте оппозициялык азчылык деген болбойт. Анткени коалициялык өкмөт түзүлбөйт. Азыр эми президенттик өкмөт түзүлөт. Себеби 10-январда эл «президенттик республикага барабыз» деп айтты. Ошондуктан эми «президент фараон, император болгону жатат» деген сөздү токтотуш керек. Анткени бул жерде элдин эрки деп коёт. Өткөн 10-январдагы референдумдан кийин бийликти түзүүнүн табияты өзгөрдү. Биз президенттик башкарууга өтүп жатабыз. Бирок парламент бүтүндөй мамлекеттик бийликти түзө турган кадр маселесине кийлигише алат. Бул жакшы эле го дейм да. Парламент өкмөттүн отчётун угат, республикалык бюджетти бекитет. Эгерде кайсы бир өкмөт мүчөлөрү начар иштесе, парламент президентке аны кызматынан алуу боюнча сунуш киргизет. Парламентке мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатабыз».

Тең салмактуулукту сактоонун мааниси

Конституциялык укук боюнча мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги болуп үчкө бөлүнүп, алардын ортосундагы тең салмактуулук жана бирин-бири кармап туруу механизми мамлекеттик түзүлүш үчүн абдан маанилүү экени Баш мыйзамдарды талдаган Венеция комиссиясынын корутундуларында көрсөтүлүп келген. Эми жаңы долбоор боюнча президент мамлекет башчы болуп, бир эле учурда аткаруу бийлигин жетектей турган болсо, анда анын мыйзам чыгаруу жана сот бийлигине үстөмдүгүнө жол берилбейби деген суроого азырынча жооп бериле элек.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов конституциялык кеңешмеде бийликтин тең салмактуулугун сактоо маселеси талкууда экенин айтты:

«Азыр бизде референдумдун жыйынтыгы боюнча Баш мыйзамдын долбоорундагы президенттин жана парламенттин ыйгарым укуктары боюнча маселе талкууда турат. Эми мамлекет президенттик башкарууга өткөнү менен парламентти алсыратпай, ал күчтүү саясий рычагдарга ээ болууга тийиш деген көз караш болуп жатат. Парламент да эл тарабынан шайланып келген бийлик органы болгондуктан анда президентти, өкмөттү көзөмөлдөп, аларга теңата сын айта ала турган мүмкүнчүлүк болушу керек. Антпесе тең салмактуулук жоголуп, бийлик бир гана колго топтолуп калганы демократиянын талаптарына жооп бербейт».

Сөз менен иштин аралыгы

Анткен менен укук коргоочу Динара Ошурахунова Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча кеңири түшүндүрмө бербей, туюк эле жоопторду берип жатканы иш жүзүндө кандай болорунан шек жарата турган жагдай экенин айтты:

«Бардыгын тактап, таразалап, оңдоп-түзөп, анан бардыгы даяр болгондо коомчулукка ачык-айкын талкууга чыгарылганда ал бышкан документ болот эле. Азыр эми ал долбоорду эч кимибиз көрө элекпиз. Долбоордун тексти качан жарыялана турганы белгисиз. Азыр эми жок дегенде чекесинен долбоорду ар бир бап боюнча чыгарып, кеңири түшүндүрмө берген деле эч ким жок. Өткөндөгүдөн кийин жаңы Баш мыйзамдын долбооруна кандай алымча-кошумчалар киргизилип, кандай толуктоолор же болбосо өзгөртүүлөр болгону тууралуу маалыматтар берилип турса болмок. Бирок Конституциялык кеңешменин төрагасы менен мүчөлөрү коомчулукта «бул Конституция - Ханституция» деген сын-пикир чыга калганда эле «эч кандай андай болбойт» деген сыяктуу жалпы мүнөздө эле жооп кайтарып жатышат».

Жакында шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамда президент чексиз бийликке ээ болушуна каршы экенин, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын салмактап, бөлүштүрүү маанилүү экенин айткан болчу:

«Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин жаңы башкаруу тутуму түзүлөт. Анан ал жерде жалгыз эле президенттик башкаруу болуп, президентке эле бийлик берилбейт. Парламентке да бийлик берилет. Тең салмактуулук болуп турушу үчүн экөөнө бирдей болот. Конституциянын жаңы долбооруна Курултай тутуму да киргизилип жатат. Ал да бийликке сунуштарды берип турат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш, президент, сот тутуму, жергиликтүү бийлик жана курултай боюнча бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет».

10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу түрүн аныктоо боюнча референдум болду. Анда шайлоого катышып добуш бергендердин 80% ашууну президенттик башкарууну тандады. Эми ошого ылайык ага чейин эле иштелип чыга баштаган жаңы Баш мыйзамдын долбоору референдумга коюла турганы жарыяланган.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Пулково задерживаются шесть рейсов



VIP

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»




Українські новини

Досвідчені садівники обирають великі технічні горщики для своїх рослин і квітів



Новости 24 часа

Профилактический рейд по противопожарной безопасности прошел сегодня в Ленинском округе



Game News

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch



Москва

Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного



News Every Day

Big 12 commissioner Brett Yormark addresses Arizona Board of Regents, asks for continued investment in athletics



Настроение

SURREAL NAMIBIA



Москва

На фестивале «Москва — на волне» в районе метро «Алма-Атинская» показали спектакль теневого театра



Певица

Певица Зара выступит в Пятигорске 12 июня



Москва

ВОЗ рассказала о новой возможной пандемии «болезни X»



Стефанос Циципас

«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича



Москва

Америкой и Европой сенсационно управляет Гольфстрим. Научная сенсация!



#123ru.net

В Русском драматическом театре побывали потомки Николая Бестужева



Симферополь

В Крыму детей будут учить играть в шахматы с детского сада



Москва

Глава СК Бастрыкин пообещал защитить гаишника Гусева от диаспоры и МВД Новосибирска



Москва

Собянин: Метро Москвы активно использует продукцию столичных промышленников



Москва

Глава СК Бастрыкин пообещал защитить гаишника Гусева от диаспоры и МВД Новосибирска



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

СОТРУДНИКИ СОБР «СТОЛИЦА» СТАЛИ ИНСТРУКТОРАМИ НА СБОРАХ ПО БЕСПАРАШЮТНОМУ ДЕСАНТИРОВАНИЮ СПЕЦНАЗОВЦЕВ РОСГВАРДИИ В ВОРОНЕЖСКОЙ ОБЛАСТИ

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

Банк процентом красен: почему финансовые организации массово повышают ставки по депозитам


Москва

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ






Rss.plus

Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Профилактический рейд по противопожарной безопасности прошел сегодня в Ленинском округе

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

Moscow.media
Москва

Собянин: Благодаря модернизации театры Москвы создают уникальные декорации



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Metallica

Apocalyptica выложили кавер на Metallica «The Call Of Ktulu» на виолончелях




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Локомотив» готов рассмотреть продажу Баринова, футболистом интересуются клубы Испании, Франции и Турции

Что можно отметить в этот день

В Москве прошёл спортивный праздник для росгвардейцев


Александр Зверев

Зверев вышел в финал «Ролан Гаррос»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В центральный аппарат ведомства будет доложено о ходе расследования уголовного дела по факту умышленного причинения тяжкого вреда здоровью несовершеннолетнему в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России