Апрель окуясы: үмүт жана өкүнүч
6-апрелде Жалал-Абадда эскерүү иш-чарасы өтсө, Бишкекте активисттер, окумуштуулар «Революциялардын сабактары» аттуу талкуу уюштурду.
2010-жылдын 7-апрелинде бийлик демонcтранттарга каршы ок аткан. 90дой адам курман болгон элдик толкундоодон кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, ал үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
Коомдо апрель окуясы канчалык максатына жеткени, бийлик, эл андан кандай сабак алганы тууралуу суроолор коюлуп келе жатат.
63 жаштагы жалалабаддык Максатбек Абдукайымов Кыргызстанда бийлик элдик толкундоонун күчү менен алмашкан бардык окуяларга катышкан.
«Мен топтолгон элди «ызы-чууга алдырбагыла, мекемелерди талкалабагыла» деп жүрдүм. Ошол кезде башыма таш тийген эле. Баштан өлкөдөгү бардык ыңкылаптар өттү. Эми элибиз тынч болсун. Революция болгону менен эч ким сабак албай жатат. Жетекчилер кызматка барганда эле бул күндөрдү эстен чыгарышууда. Бирок тарых, эл унуткан жок».
6-апрелде Жалал-Абад шаарында апрель окуясына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Ага облус башчылары, тарыхчылар, студенттер жана апрель окуяларынын каармандары катышты. Чогулгандар шаардагы Эркиндик айкелинин алдына гүлчамбар коюп куран окушту. Эскерүү иш-чарасында 11 жыл мурунку каргашалуу окуяда Жалал-Абад облусунан тогуз эр азамат каза болуп, 67си жаракат алганы айтылды.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев буларга токтолду:
«Мындан туура 11 жыл мурда көкжал жигиттерибиз эркиндик үчүн башты сайып күрөшкөн. Дал ошол күнү элибиз адилеттүүлүккө карай жол ачкан. Бирок жеңиштин баасы кымбат болду. Ошол күнү ондогон жараныбыз курман болду. 7-апрель - кыргыз элинин тарыхында жалпы журттун бир максатка бириккен күнү».
Ишемби күнү Бишкекте да 7-апрель окуясынын 11 жылдыгын утурлай «Март, апрель, октябрь революцияларынын сабактары» аттуу коомдук талкуу өттү.
Эркин журналист Куттумидин Базаркулов уюштурган бул талкууга укук коргоочулар, апрель окуясында курман болгондордун жакындары, жарандык активисттер катышты.
«Баатырлардын үмүтү» коомдук бирикмесинин төрайымы Айчүрөк Камаева:
«Апрель окуясына катышкан агалар, эжелер, апалар деле «ошол курман болгондордун ыңкылаптагы мүдөөлөрү аткарылбай калды, максаттар ишке ашпай калды» деп жаман болуп жатса керек. Азыркы бийлик эскилердин катасын кайталабайт деген ишеним бар. Эгер эскилердин катасын кайталаса, эл өзү ордуна коюп коёт», - деди.
«Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Нурия Айдабосунова болсо 11 жыл мурдагы кандуу окуяда уулун жоготкон.
«Революция түп-тамырынан өзгөрүү болгондо гана өз максатына жетет деп айтылат эмеспи. Тилекке каршы, андай болгон жок. Элдин аң-сезиминде революция болуп жатат, бирок эч нерсе өзгөргөн жок», - деди ал.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген.
«Революциялардын себеби - бул туура эмес жетекчилик, коррупция, жарандардын экономикалык оор абалы жана башкалар. Бирок революция кылууга бир түрткү керек. 2005-жылы да, 2010-жылы да митингдин катышуучуларына колдонулган курал революцияга түрткү болду. Биздин элдин адилеттүүлүк деген абдан курч сезими бар. Элге мындай мамиле кылбаш керек», - деди саясатчы, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов.
Роза Отунбаевадан кийин Кыргызстанды башкарган үч президенттин ичинен Алмазбек Атамбаев камалып, Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Бул алардын бийликтен куулган Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тагдырынан сабак албаганы катары мүнөздөлүүдө. Азыр Кыргызстанды былтыркы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров башкарып жатат.
Саясий серепчи Табылды Акеров бийликте тургандардын катачылыгы тууралуу мындай дейт:
«Эмне себептен Кыргызстанда ыңкылаптар болуп жатат? Кыргызстанда саясатчылар, саясий элита авторитардык башкаруудан баш тарта албай жатат. Кимиси гана болбосун бийликке келгенден кийин авторитардык режим өткөрүүгө аракет кылып жатат».
Акеров президент Жапаров демилге көтөргөн конституциялык реформа да коомдо талаш-тартыш жаратып койгонун кошумчалады.
Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.