Айзаданын өлүмүнө шектелген жигиттин сөөгү Алайга коюлат
![Айзаданын өлүмүнө шектелген жигиттин сөөгү Алайга коюлат](https://gdb.rferl.org/25c44f9d-21f4-4201-8a02-97da808a97ad_tv_w800_h450.jpg)
27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылына коюлат. Айылдаштары сөөктү жерге берүүгө жай даярдап коюшкан. Коңшулары Замирбектин үй-бүлөсү 25 жыл мурун Бишкекке көчүп кеткенин айтышты.