Кыргыздын намысына жараган Владимир
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Азия жана Океания чемпионатын бир алтын, бир коло байге менен жыйынтыктап жатат. Алтын байгени Владимир Золоев алса, коло байгени Кубанычбек Айбек уулу тагынды.