Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду
Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте 34 жаштагы журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду. Ал 12-апрелде инсульт алып, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Коомдук телерадио корпорациясында кабарчы болуп иштеген, “Шок-факт”, “Протокол” көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу, редактору катары таанылган Тойгонбаев Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы болуп да эмгектенген. Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында журналист, сектор башчы болуп иштеп келген.
Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында төрөлгөн. Эки эркек, бир кыздын атасы.
Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн айылга коюлат. (MTa)