Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Eurovision: Манижа финалга жолдомо алды

Eurovision (Еврокароо) сынагынын жарым финалында теги тажикстандык орусиялык ырчы Манижа жетиштүү упай топтоп, таймаштын финалына жолдомо алды. Анын бул сынакка катышканы Орусиянын өзүндө ар кандай талкуу жаратты.


Манижа "кандай гана тоскоолдукту болбосун жеңген" күчтүү орус аялы тууралуу ырдап жатканда сахнада ондогон аялдын видеолору көрсөтүлдү. Алардын арасынан журналисттер Елена Костюченко, Катерина Гордеева, актриса Чулпан Хаматова, сүрөтчү Саша Фролованы жана башкаларды тааныса болот.




 


Манижа өзүнүн сахнадагы номери тууралуу "Инстаграм" баракчасына «мен сахнага жүздөн ашуун орус аялды чакырууну чечтим, алар мени менен Eurovision сынагына барат. Алар ушул экранда пайда болуп, кандай каалашса, ошондой ырдашат, кандай көрүнгүсү келсе, ошондой чыгышат. Мен алардын эркиндигин көрсөткүм келди», - деп жазган.




 


Мындай концепцияны режиссер Ладо Кватания ойлоп тапкан.


Манижа Орусиянын атынан эл аралык сынакка бара турганы белгилүү болору менен ксенофобиялык айыптоолорго дуушар болду. Аны улуту, ЛГБТ өкүлдөрүн, феминизмди колдогону үчүн айыптап, атургай өз ыры менен «орус аялдарынын беделине шек келтирип жатат» деп айтып чыгышты.


Алардын арасында Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да бар. "Бул ырдын сөзү менен тааныша электерге угуп көрүүнү сунуштайм. Болбогон сандырак экен. Мен такыр түшүнгөн жокмун" десе, сенатор Елена Афанасьева ырчы "бейбаштыкка үндөп жатат" деп сындаган.


"Кечирип коюңуздар, орус аялдарынын бул жерге эмне тиешеси бар? Ырдоо манерасы, кайдагы бир афроамерикалык бийлер, үстүндөгү кийими дагы Американын түрмөсүндө отургандардын кийимине окшош экен. Агрессия, кандайдыр бир башаламандык, орус үй-бүлөсүнүн негативдүү образын көрсөтүп жатат. Буга жол берилбеш керек, бул бейбаштык".


29 жаштагы Манижа өз дарегине айтылган мындай сындар, ксенофобиялык билдирүүлөр катуу тийгенин жашырбайт. Ал мынчалык деңгээлде болорун күтпөгөнүн "Скажи Гордеевой" берүүсүнө курган маегинде айткан.


"Жек көрүүчүлүк, ксенофобия ушундай жогору деңгээлде экенин эч ким ойлогон эмес. Жакында эле АКШда караларга болгон жек көрүүчүлүккө каршы акциялар болуп жатканда "биздин коомдо кантип эле ушундай болсун? Мындай нерселер Америкада гана болушу мүмкүн" деген сөздөр айтылган. Тилекке каршы, мындай ксенофобия бардык жакта бар жана менин окуям буга далил".


Манижа качкындар көйгөйүн жакшы түшүнөт


Манижа Сангин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө жарык дүйнөгө келип, үч жашында жарандык согуштан улам ата-энеси менен Москвага көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Мындан улам ал качкындар маселесин жакшы түшүнөт. Ал өз чыгармаларында да мигранттар, бозгундар көйгөйүн көтөрүп келет.




 


Ошондуктан Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин Орусиядагы элчиси болууга сунуш түшкөндө Манижа чын дилинен кабыл алган. Андан тышкары ырчы аялдар кабылган зордук-зомбулук темасы тууралуу да өзүнүн социалдык тармактарында жазып, атайын ыр чыгарган.


"Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде Манижа Eurovision сынагында байге үчүн эмес, адам укуктары үчүн көбүрөөк камтама болорун айткан.


"Эч бир топ-чарттагы же Eurovision сынагындагы орун менин ички позицияма таасир эте албайт. Менин бул сынакка чейинки приоритетим андан кийин дагы калат. Бул калп айтпоо, өз көрүүчүңөн эч нерсе жашырбоо, чынчыл болуу жана адамдарды өзгөрүүгө, бактылуу болууга дем берген чыгармачылык менен алектенүү. Мен үчүн үнүмдүн адамдарга жетип турганы маанилүү жана үнүм жетип жатат окшойт", - деген Манижадан башка быйылкы Eurovision сынагына дагы башка качкын аткаруучу катышып жатканы маалым болду.


Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги билдиргендей, Нидерланддын Роттердам шаарында өтүп жаткан ыр сынакта Швециянын атынан чыккан музыкант Тусин Чиза Конго демократиялык республикасында төрөлүп, үч жыл Угандадагы качкындар лагеринде баш калкалаган.


Сынактын финалы 22-майда өтөт.


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России