V Бөлүм Мыкты адамдарды жумушка алыңыз жана аларды кармап калыңыз
Формалдуу билим менен акча таба аласыз, өз алдынча билим менен байлык топтой аласыз
Джим Рон
Мыкты адамдарды жумушка алуу жана аларды кармап калуу башка факторлордон караганда лидердин ийгилигине чоң таасир тийгизет.
Бизнести курууга жардам берген мыкты кызматкерлерди тартуу жана аларга мотивация берүү жөндөмдүүлүгүнөн компаниянын ийгилигинин өсүшү көз каранды, мындай адамдарсыз компаниянын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калат. Адамдар бул – эң негизги нерсе. Себеби башка нерселерди сатып алууга мүмкүн. Кандайдыр бир жол менен сиз керектүү болгон баардык капиталды: кыймылсыз мүлк, мебель, инвентарь, дистрибуция жана өндүрүшкө керектүү жабдыктарды, маркетингке керектүү материалдарды сатып алсаңыз болот. Бирок булардын баардыгы адамдардын жардамы менен гана иштейт эмеспи. Бүгүнкү күндө болсо компаниялар, жогорку тажрыйбалуу кызматкерлерге болгон мурда билинбеген дефицитти сезип жатышат.
«Жакшыдан мыктыга карай» аттуу китептин автору Джим Коллинздин жазганына ылайык, мыкты компанияны куруу үчүн дайыма бир нерсени эстей жүрүү керек, «эгер кемеде керектүү адамдар гана болуп, керектүү жерлерде турушса, ал эми керексиз адамдар жээкте калышса, анда биз каалаган жагыбызга сүзүп жетүүнүн бир жолун табабыз». Ларри Боссиди «Аткаруу: максатка жетүүнүн системасы» аттуу китебинде бизнесте ийгиликке жетүүнүн сыры тапшырманы так, тез жана сапаттуу аткарган адамдарды табуу керек экендигин жазат.
Туура адамдарды тандоо жана аларды кармап калуу жөндөмдүүлүгү бизге табиятыбыздан берилген эмес. Бирок аны башка жөндөмдүүлүктөр сыктуу эле өздөштүрсө болот. Бул бөлүмдө сунушталган идеяларды колдонуу менен сиз бизнес үчүн мыкты адамдарды тандап алуу жана аларды кармап калуунун натыйжалуу жолдорун үйрөнө аласыз.
Бүгүнкү күндө иш берүүчүлөргө дүйнөгө болгон көз караштарын радикалдуу түрдө өзгөртүү сунушаталат. Алар мыкты кызматкерлерди тартуу жана аларды кармап калууга көп көңүл буруу менен бул тапшырманы менеджердин маанилүү милдеттеринин бирине айлантуулары керек. Бул нерсе үйрөнүш керек болгондордун ичинен эң маанилүү болушу мүмкүн.
3,302 total views, 527 views today
Сообщение V Бөлүм Мыкты адамдарды жумушка алыңыз жана аларды кармап калыңыз появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.