III Бөлүм Каршы чабуулга өтүңүз!
Бизнес үчүн стратегиялык аскер-согуш сабактары
Сиз оюңузга келген нерсенин баардыгын жасай аласыз, эмнени кааласаңыз ала аласыз, ким болууну самасаңыз ошол адам боло аласыз
Роберт Кольер
Компанияны рынокто ийгиликке жеткирүү жана ал ийгиликти анчейин жагымдуу эмес кырдаалдарда багынтуу бул – ийгиликтүү лидердин негизги критерийи. Кирешени арттыруу жана сатуу ишин жогорулатуу үчүн колдонгон баардык ыкмаларыңыз, жөндөмдүүлүктөрүңүз, таланттарыңыз бийиктикте болушуңуз үчүн кошумча пайда алып келет.
Улуу генералдар жана чыгаан аскер башчылары изилдөөчүлөрдүн көңүлүн дайыма буруп турган. Бул адамдардын кайсы чечкиндүү сапаты каршылаштарын жеңүүгө үндөдү деген суроо изилдөөчүлөрдү ар дайым кызыктырып келген. Көп жылдык изилдөөнүн натыйжасында согуш тарыхчылары аскер-согуштук стратегиясынын 12 принцибин аныкташкан, эгер аларды туура колдоно турган болсо алар жеңишти камсыз кылат. Андан да кызыгы, эгерде ал принциптердин бирөөсүн эле (же бир нечесин) кылдат карабастан же туура эмес колдонгон учурда согуш жеңилүү менен аяктаган, жадакалса айрым учурда империянын кулашына да алып келген.
Аскердик-согуш стратегияларынын принциптерин бизнесте колдонсо болот. Атаандаштык күрөшү жүрүп жаткан рынокто ийгиликке жетүү үчүн алардын ар бирин кылдат колдонуу маанилүү. Бир эле негизги аймакта алсыздыкты көрсөтө турган болсо ийгиликсиздикке алып келет же банкрот болууга түртөт. Мындай мисалдарды айланабыздан дээрлик күн сайын кездештиребиз же бул тууралуу финасы прессаларынан окуйбуз.
668 total views, 30 views today
Сообщение III Бөлүм Каршы чабуулга өтүңүз! появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.