Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

II  Бөлүм Лидерлер өздөрүнүн алсыз жана күчтүү жактарын билишет

Же алдыга карай кадам таштап бийиктикти багынтасыз же артка чегинип коопсуздукка ээ болосуз

Абрахам Маслоу

            Сиз өзүңүздү канчалык жакшы билсеңиз жана түшүнсөңүз, ошончолук ийгиликтүү чечим кабыл ала аласыз, анан албетте жогорку деңгээлдеги жыйынтыкка да ээ болосуз.

Сиздин ишиңиздин кайсы бөлүгү эң маанилүү жана баалуу? Бул ой толгоо. Анын сапаты кабыл алынуучу чечимди аныктайт. Ал эми чечимдин сапатынан иш аракеттин сапаты көз каранды. Сиз жасаган иш аракет жыйынтыкка таасир берет, жыйынтыктан болсо сизге тиешелүү баардык нерсе, айрыкча бизнесиңиз көз каранды экендигин унутпаңыз.

Чечим кабыл алууда жана иш аракеттердин планын мерчемдөөдө анын аягына көңүл буруу керек, башкача айтканда ыктымалдуу жыйынтыктарына басым жасоо маанилүү. Эгер иш аракеттер тобокелчиликтүү натыйжа алып келе турган болсо анда ал маанилүү, ал эми эгерде иш аракеттер эч кандай жаман дагы жакшы дагы натыйжа алып келбесе анда, тескерисинче, эч кандай өзгөчө мааниге ээ болбойт. Бизнес үчүн жасаган баардык аракетиңиздин артында эбегейсиз зор натыйжалар жатат: рынокко жаңы өндүрүмдү алып чыгуу, негизги кызматкерди иштен бошотуу же ишке алуу, белгилүү бир тармакка акча каражатын жумшоо ж.б.

Чечим чыгаруу боюнча ой толгоо процесси натыйжалуу болуш үчүн өзүңүзгө максаттуу багытталган суроолорду беришиңиз керек. Аларга жооп издөөнүн натыйжасы, сиздин эмнеге жетүүнү каалап жатканыңызды жана кантип жете турганыңызды аныктап берет.  Берилген суроолор максаттарыңызды жана каалоолоруңузду гана аныктабастан, сиз өзүңүзүздүн чындыгында ким экениңизди жана сиз үчүн эмне баалуу экендигин тактоого жардам берет.  Бул суроолор сиздин жеке турмушуңузга дагы, кесиптик жашооңузга дагы тиешелүү.

Таасирдүү лидер эң биринчи кезекте ийгиликтүү адам. Мыкты лидерлер бир гана кесиптик турмушундагы максаттарын жана приоритеттерин эле эмес, жеке жашоосундагы максаттарын дагы аныкташат. Алар эмнени каалаарын, ким экендигин, ким жана эмне маанилүү экендигин, кайда жана эмне үчүн бара жатышкандарын, кандай алсыз жана күчтүү жактары бар экендигин жана алардын кайсынысы алдыга умтулууга тоскоол болоорун жакшы билишет. Мыкты лидерлер – жыйнактуу, оор басырыктуу, өздөрүн жакшы билген жана жеке жашоосунда дагы кесиптик турмушунда дагы бирдей эрежелерди сактаган туруктуу адамдар.

Төмөндө берилген суроолорго өзгөчө көңүл буруңуз. Эгер алардын кайсы бирине жооп бере албасаңыз (мисалы, приоритеттерди туура эмес коюп жаткан болсоңуз, өзүңүздү жакшы таанып биле элек болсоңуз, өзүңүздүн алсыз жана күчтүү жактарыңызды билбесеңиз, керексиз жөндөмдүүлүктөр менен алек болуп жатсаңыз) анда алар сизди туура эмес тандоо жасоого жана жаңылыш чечим кабыл алууга түртүп, сизден күтүлгөн жыйынтыкка ээ болууңуз үчүн тоскоолдук жаратуусу мүмкүн.

 

 

Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

  1. Учурда кандай кызматтык орунду ээлейсиз?
  2. Иштин жүрүшүндө сиз аткарган үч маанилүү ишти жазыңыз?

1.

2.

3.

  1. Сиз жумушуңуздагы жыйынтыктарыңызды, ийгиликтериңизди жана жетишкендиктериңизди кантип аныктайсыз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин кандай өзгөчө таланттарыңыз жана жөндөмдүүлүктөрүңүз бар?

1.

2.

3.

  1. Кандай тапшырмаларды сиз өзгөчө мыкты аткара аласыз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин жумушуңуздагы эң маанилүү үч максат кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай чечимдерди кабыл алат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин жеке жана үй бүлөлүк жашооңуздагы эң маанилүү үч максат кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай конкреттүү кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиз үчүн маанилүү болгон финансылык үч максат кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай конкреттүү кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин ден соолугуңузга байланыштуу үч маанилүү максаттарыңыз кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай конкреттүү кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин карьераңызга байланыштуу үч маанилүү максаттарыңыз кайсылар?

 

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай конкреттүү кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиз ээ болушуңуз мүмкүн болгон жана негизги максаттарыңызга көбүрөөк жардам бере ала турган үч жөндөмдүүлүгүңүз кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал максаттарга тезирээк жетүү үчүн сиз кандай конкреттүү кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Азыркы учурда сиздин жашооңуздагы эң мыкты үч мүмкүнчүлүгүңүз кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал мүмкүнчүлүктөрдү тезирээк пайдаланып калуу үчүн сиз кандай чара колдонот элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Азыркы учурда сизди тынчсыздандырган эң маанилүү үч маселе кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Ал маселени дароо чечүү үчүн кандай кадамдарга барат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Эң баарынан биринчи сыймыктанган үч жеке сапаттарыңыз кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Кайсы үч кемчилигиңизди жоюууну каалайт элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиз көз жумган соң адамдар сизди кандай үч сөз менен эскерүүлөрүн каалайт элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Сиздин бизнесиңизде эң маанилүү үч баалуулук кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Жакындарыңыз жана айланадагыларыңыз менен мамиле кылууда сиз баш ийген негизги үч баалуулук кайсылар? 

1.

2.

3.

  1. Жумушуңузда эң баалуу кызматкер ким? Алардын аты-жөнүн, кызматтык даражасын атаңыз.

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

  1. Сиздин жеке жашооңузда эң маанилүү адамдар кимдер? Алардын аты-жөнүн жана сизди алар менен эмне байланыштырып турат жазыңыз.

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

  1. Жумуштан тышкаркы учурда эмне менен алектенгенди жактырасыз?

1.

2.

3.

  1. Бир күн бою бош болсоңуз эмне менен алектенет элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Эгер бир айга эмгек өргүүгө чыксаңыз жана чектелбеген бюджет колуңузда болсо эмне кылат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Эгер бүгүн жарым жылдык гана өмүрүңүз калганын билсеңиз эмне кылат элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Эгер сиздин банктык эсебиңизде 20 миллион доллар бар болуп, бирок 10 жылдык гана өмүрүңүз калган болсо эмне кылат элеңиз?

1.

2.

3.

4.

5.

  1. Эгер ийгиликке жетүүгө толук кепилдигиңиз бар болсо алдыңызга кандай максаттарды коет элеңиз?

1.

2.

3.

  1. Жеке жана кесиптик жашооңузда сизге ырахат тартуулаган жана сизди сыймыктандырган ишмердүүлүктүн үч түрү кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Сиз баарынан аз жактырган үч милдеттериңиз жана иштериңиз кайсылар?

1.

2.

3.

  1. Эгер сиз жумушуңузда бир күн бою үч гана ишти жасасаңыз алардын кайсынсы компания үчүн эң көп пайда алып келмек эле?

1.

2.

3.

  1. Эгер сиздин сыйкыр таякчаңыз болуп, аны менен жашооңуздун ар бир тармагын идеалдуу кылып сыйкырлап алууга мүмкүнчүлүгүңүз болсо ал тармактардын ар бири кандай болмок эле?

А. Бизнес, карьера, киреше.

1.

2.

3.

Б. Үй-бүлө, мамиле, жашоо таризи.

1.

2.

3.

В. Финансы, киреше топтоо, инвестициялар.

1.

2.

3.

Г. Ден соолук, салмак, физикалык форма же турпат.

1.

2.

3.

Д. Жеке жашоо жана хобби.

1.

2.

3.

Жашооңузду өзгөртө турган төрт гана жол бар дейли. Биринчиси, белгилүү иш аракеттерди көп жасоо. Экинчиден, башка иш аракеттерди аз жасоо.  Үчүнчүсү, мурда жасап көрбөгөн иш аракеттерди жасап баштоо. Төртүнчүсү болсо, белгилүү бир нерселерди таптакыр эле жасабоо.  

  1. Жогорудагылардын кайсынысын жеке жана кесиптик жашооңузда көбүрөөк жасашыңыз керек?

1.

2.

3.

  1. Кандай иш аракеттерди жеке жана кесиптик жашооңузда баарынан аз жасооңуз керек?

1.

2.

3.

  1. Жеке жана кесиптик жашооңузда кандай жаңы иш аракеттерди жасап башташыңыз керек?

1.

2.

3.

  1. Жеке жана кесиптик жашооңузда кандай иш аракеттерди таптакыр токтотушуңуз керек?

1.

2.

3.

  1. Эгерде бүгүнкү күндөгү билим-тажрыйбаңыз бар болсо, мурдагы жеке жана кесиптик турмушуңузда кабылбай коюуга мүмкүн болчу окуялар болду беле?
  2. (карьераңызда)
  3. (кызматкерлериңиз арасында)
  4. (инвестиция чөйрөсүндө)
  5. (ден соолугуңүзга байланыштуу)
  6. (үй-бүлөдө)
  7. (айланадагы адамдарыңыздын арасында)
  8. (жүрүм-турумуңузда)
  9. (башка)
  10. Жогоруда суроолорго берилген жоопторуңуздун ичинен жашооңузда келечекте жетүүнү каалаган 10 максатты тандап алыңыз.

            Ар бир максатты «мен» деген сөз менен баштаңыз. Ал максаттарыңызды учур чакта, ишенимдүү түрдө жазыңыз.  Алардын аткарыла турган мөөнөтүн көрсөтүңүз.   Мисалы: «Мен 31-декабрь 20__ жылы ___ доллар акча табам» же «Менин салмагым 30-июнь 20__ жылы ___ кг болот».

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

  1. Эми элестетип көрүңүз, жогорудагы максаттарыңыздын баардыгын бир эле күндө сыйыкырлап жетип алдыңыз дейли. Алардын ичинен кайсынысы (бир максат) жашооңузга эң жакшы бурулуш жасайт эле?
  2. №45 суроого жоопту учур чакта, ишенимдүү формада жазыңыз: ал жооп сиздин максатыңыз ишке ашкандай «мен» деген сөздөн башталуусу керек.
  3. Ал максатыңызга жетүү мөөнөтүн белгилеңиз; кайсы учурда жетүүнү каалайт элеңиз?
  4. Ал максатыңызга жетүү үчүн тоскоол боло турган негизги кыйынчылыктарды атаңыз?

1.

2.

3.

  1. Ал максатыңызга жетүү үчүн кошумча кандай маалыматтар, жөндөмдүүлүктөр сизге зарыл?

1.

2.

3.

  1. Ал максатыңызга жетүү үчүн жардамы керек болгон адамдардын тизмесин түзүңүз. (Тизмеге туугандарыңызды да кошууну унутпаңыз).

1.

2.

3.

  1. Ал максатка жетүү үчүн жасалышы зарыл болгон кадамдардын тизмесин жазыңыз.

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

  1. Жогоруда сиз атаган кадамдардын кайсынысын максатыңызга дароо жетүү үчүн биринчи жасайт элеңиз?

 

            Лидерлер өздөрүн жакшы билишет. Алар ким экендигин жана эмнени кааларын билишет. Сиз канчалык бул суроолорго так жана анык жооп бере алсаңыз ошончолук таасирдүү лидер катары иш аракетке өтүүгө жөндөмдүү болосуз; маанилүү болгон нерселерге жетүү үчүн жемиштүү чечимдерди кабыл ала аласыз, так жана айкын приоритеттерди белгилей аласыз, адамдарды жана акча каражатын маанилүү  иштерге жумшоого өтөсүз, жеке убактыңызды жана ресурстарды натыйжалуу пайдалана аласыз. Сиз аз ката кетирип, көп пайда алып келе баштайсыз.

            Өзүңүздү жана абалыңызды кылдат талдап чыккан соң натыйжалуу ой жүгүртүүгө, баштаган ар бир ишиңизден жыйынтык алууга үйрөнөсүз.

 

 576 total views,  162 views today

Сообщение II  Бөлүм Лидерлер өздөрүнүн алсыз жана күчтүү жактарын билишет появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России