Жарыш баардык жерде жүрүп жатат
Жарыш баардык жерде жүрүп жатат
Баардык нерсеге чоң үмүттөрдөн жол ачылат
Бенджамин Франклин
Азыркы учурда биздин турмушубузда экономика жана бизнести сыноонун эң олуттуу мезгили башталган учур келди. Бул сыноодон мыкты формада болгондор гана өтө алышат. Жарыш өтүп жатат, сиз болсо анын катышуучусусуз. Эгер сиздин жеңишке жетем жана баардык кыйынчылыктарды басып өтөм деген маанайыңыз болбосо, анда жеңишке болгон эрки күчтүү, чечкиндүү адамдар жана компаниялар сизди бир бурчка түртөт дагы андан ары өтүп кетишет.
Бир нече мезгил мурун Гарвард университети азыркы экономиканын абалына карата үч божомолду түзүп чыгышкан. Биринчи божомолго ылайык алдыдагы жылда бизнесте качандыр бир учурларда байкалбаган көп өзгөрүүлөр болот. Экинчи божомол боюнча рынок айдыңында атаандаштык буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетет. Ал эми үчүнчү божомолдо, бизнесте мурдагыга салыштырмалуу бир топ мүмкүнчүлүктөр жаралат. Бирок бул мүмкүнчүлүктөр бизге тааныш мүмкүнчүлүктөрдөн айырмаланат, мындан улам аларды кармап калуу үчүн, пайдаланып калуу үчүн шашылууга туура келет, болбосо сиз атаандаштарыңыздын арасында өнүкпөйсүз жана өспөйсүз.
Жогоруда аталган үч божомол негизинен 1952-жылы эле түзүлүп чыккан. Кийинчирээк ага төртүнчү божомол кошулуп толукталат: турмушубуздагы качып кутулгус татаал кырдаалдарга ыңгайлаша албаган адамдар жана мекемелер бир-эки жылдан кийин ишмердүүлүктүн башка түрүнө өтүп кетишет же биротоло жабылып калышат.
Мындан тышкары Чарльз Дарвин мындайча пикирин билдирген: «Эң баарынан күчтүүлөр эле жашап кетпейт, тескерисинче, абалга жараша тез ыңгайлашкандар жашап кетишет». Ал эми жазуучу Дэймон Раньон мындай дейт: «Шамдагайлар жарыштан, күчтүүлөр күрөштөн дайыма эле жеңишке жете беришпейт, бирок байгени дайыма ошолорго сайыш керек».
Сиз бир кытай иероглифинин бир эле учурда кризис жана мүмкүнчүлүк деген түшүнүктөр үчүн колдонулаарын уксаңыз керек. Дегеним, дээрлик ар бир кризисте кандайдыр бир мүмкүнчүлүк жатат, болгону аны айырмалай билүү кажет.
23,987 total views, 18 views today
Сообщение Жарыш баардык жерде жүрүп жатат появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.