ЖРТ: Эң жогорку баллды Караколдогу бүтүрүүчү алды
Андан кийинки эң көп упайды Бишкек шаарынан Алия Сарыгулова (231) жана Таластан Сымбат Касымбекова (230) алды.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууну аныктаган Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи туру 19-майда өткөн. Ага катышууга жетишпей калгандар 21-22-майда белгиленген 2-турда, 22-23-июнда 3-турда тест тапшырды.
Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйыл сынактарга 42 817 бүтүрүүчү катышты. (BTo)