Бишкекте көңүл ачуучу жайларга киргизилген чектөө алынды
Мындай чечим 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды.
Көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакташы керек жана имараттын жарымына гана баткыдай кардарларды кабыл алышы зарыл.
Борбордо коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткендиктен 17-июнда айрым чектөөлөр киргизилген. Тейлөө кызматынын өкүлдөрү буга каршы болуп шаар бийлигине кайрылышкан.
Кыргызстанда 21-июнга карата расмий маалымат боюнча, өткөн жылдын март айынан бери оорудан 1 937 киши каза болуп, вирус 115 615 адамдан аныкталды. 105 410 киши илдеттен сакайды. (BTo)