Германияда Орусиянын тыңчысы кармалды
Бул тууралуу 21-июнда Германиянын Башкы прокуратурасынын пресс-офиси кабар таратты. Анда шектүү кармалгандан кийин бир күндөн соң 19-июнда сот анын бөгөт чарасын тандап, камакка алууга санкция берген.
Мекеменин маалыматында ысымы Ильнур Н. деп кыскартылган шектүү 2020-жылдын сентябрь айынан баштап Орусиянын чалгын кызматы менен кызматташкан болушу мүмкүн.
Прокуратуранын маалыматында ал адам орусиялык тыңчы менен кеминде үч ирет жолугуп, иштеген жеринен алынган маалыматтарды акчалай сый акы үчүн берип турганы көрсөтүлгөн. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал киши жашаган жана иштеген жерде тинтүү жүрүп, далил заттар алынган.
Орусия Германияда кармалган жараны тууралуу азырынча комментарий бере элек.