Иранда АЭС авариялык абалда токтотулду
“Бушердеги электр станциясында болгон техникалык бузулуунун айынан Энергетика министрлигине бир күн мурун кабар жиберилди. Андан соң атомдук электр станциясы электр тармагынан ажыратылып, толук өчүрүлдү”, – деп жазылган мекеменин расмий сайтында.
Атомдук энергетика агенттиги алдыдагы күндөрдө көйгөй чечилген соң Бушердеги АЭС улуттук электр тармактарына кошула турганын кабарлады.
Мамлекеттик энергетикалык компаниянын өкүлү Таванир Голамали Рахшанимер өчүрүү 3-4 күнгө созуларын, бул аралыкта калкка электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.
Таванирдин айтымында, азыр Бушердеги АЭСте оңдоо иштери жүрүүдө. Анын мөөнөтү болжол менен 25-июнга чейин созулат.
Иран 2011-жылы ишке киргизилген Бушер АЭСиндеги авария тууралуу биринчи жолу кабарлады.