ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентке жиберилди
Мыйзам долбоорун президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын жумушчу топ иштеп чыккан.
35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан можаритардык система менен шайланат. Ар бир шайлоо округуна 100 миң шайлоочу кирет.
Ал эми калган 55 депутат партиялык тизме менен пропорционалдык негизде шайланып келет. Партияларга 3% босого чек каралган. Аялдар үчүн 30% квота бар.
25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып келген. Алар партиялык тизме аркылуу шайланган. (MiK)