Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Октябрь окуясына бир жылдан кийинки баа

Октябрь окуясына бир жылдан кийинки баа

Октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, окуяда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкектен эки бөлмөлүү батир берди. Окуяга байланыштуу мамлекеттик деңгээлде иш-чара өткөрүлгөн жок. Ал окуяларда жараат алгандар Ак үй астына чогулуп, каза тапкан Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, куран окушту.

5-октябрь - парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинги башталып, бийликтин алмашуусуна алып келген күн. Ага карата Октябрь окуясынын арты менен бийликке келген президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, бир жылда жасалган иштерине оң баа берди.

“Мамлекетибизде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келди. Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жол менен турукташтырып, стабилдүүлүктү сактап кала алдык. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы өкмөт түзүлдү. Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок. Бул жеңиш жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду. Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди. Кыргызcтандын жаңы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толугу менен аткарылууда”.

Элдин нааразычылыгы парламенттик шайлоодогу адилетсиздиктен улам тутанганын белгилеген президент Жапаров, окуянын келип чыгышына 2010-жылдагы Конституциялык реформа себеп болгонун белгилеген.

Президент Жапаров бир жылдагы эң башкы жетишкендик катары президенттик башкаруу формасына өткөн Конституциялык реформаны атаган.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституциялык реформа демилгелеп, Кыргызстан парламенттик башкаруу формасынан президенттик башкаруу формасына кайтты.

Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчиси, элдик толкундоодон кийин келген жаңы өкмөттүн аппарат башчысы болуп иштеген Бакыт Аманбаев Октябрь окуяларынан соң бийлик элдин мүдөөсүн аткарып жатканын айтат. “Соңку 30 жыл бою коррупциянын туу чокусу болгон иштер ачылып жатат. Өкмөт башчылар, мурдагы спикерлер камалууда. Мындай Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Ошолорду камап, жоопко тартыш керек. Ошондо гана оңолобуз. Азыркы бийликтин максаты түбөлүк бийликте калуу эмес, элдин мүдөөсүн канааттандыруу, элдин талабын аткаруу. Президент Садыр Нургожоевич ушул максат менен баратат. Башка максаты жок”.

Анткен менен былтыркы Октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бир жылдагы өзгөрүүлөр тууралуу башка пикирде.

“Президенттин кайрылуусун ар бир тамгасына чейин карап чыктым. Президент эмнегедир Аксы окуясы дегендей эле "Октябрь окуясы" деп атады. Октябрда окуя болдубу же ыңкылап болдубу, баа берүүгө батына албай койгонун байкадым. Мен деле ыңкылап дегенге ыйманым жол бербейт. Анткени ыңкылапты жасаган Молдокматов, Күрөңов, Касеновдор абакта жатканда кантип ыңкылап болду деп айтам. Ал эми бир жылда эмне өзгөрдү? Бир жылда башчы өзгөрдү, Баш мыйзам өзгөрдү анан баалар өзгөрдү. Президент кайрылуусунда Октябрь окуяларына мурдагы Баш мыйзам себеп болгон деп жатат. Бирок 2010-жылдагы Баш мыйзам менен президент өзү, УКМК башчысы бийликке келишкен да. Китепкананын жетекчисине чейин бөлүшүп алуу ошондо болгон да. Туруктуулук деп дагы айтыш кыйын. Митингдер тыйылган жок, чек ара маселеси чечилген жок. Бир сөз менен айтканда бийликтин көйнөгү өзгөрдү, элдин көйгөйү өзгөргөн жок. Өзгөрүүнү көз көргөн жок”.

 

Үмүт үзүлбөйт

Президент Садыр Жапаров Октябрь окуясы учурунда курман болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун атасы, эжеси менен жолугуп, аларга былтыр убада кылынган 2 бөлмөлүү батирди тапшырды. Мамлекет башчысы кайрылуусунда, окуя учурунда жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этерин билдирген.

“Октябрь окуялары тилекке каршы жоготуусуз өткөн жок. Нааразычылыкка чыккан эл адилетсиз саясатка каршы туруп, өз жанын курмандыкка чалууга да даяр болуп калган эле. Учурдан пайдаланып, курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этип, дагы бир жолу көңүл айтам”.

Октябрь окуяларынын бир жылдыгы окуя болгон Бишкектеги Ала-Тоо аянтында да эскерилди. Бул жакка 5-6-октябрь күндөрү жаракат алган отуздан ашуун адам жана активисттер чогулуп, курман болгон Үмүтбек Алтынбек уулуна багыштап куран окушту.

Октябрь окуяларында жаракат алган 170 адам “Кыргыз Үмүтү” аттуу уюм негиздеген. Уюмдун жетекчиси Сыргак Сакыбаев бир жыл мурунку люстрация талабы дагы деле күчүндө экенин белгиледи.

“Кандай өзгөрүү болгону бир жылда билинбейт окшойт. Биз өзгөрүү болду деп эсептебейбиз. Анткени мамлекеттин акырынан жем жеген чиновниктер дагы деле жеп жатат. Бизди аттырган экс-президент элдин эсебинен резиденцияда багылып жатат. Ал кишинин орду түрмөдө болчу. Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге кылмыш иши дагы козголбоптур. Биздин талап - люстрация. Бир жыл ичинде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Канчалаган балдарыбыз мунжу болуп, энелердин көз жашы акты. Мамлекеттен жардам болгон жок. Биз ал күнү адилетсиздикке каршы чыккан элек".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Октябрь окуяларында 1247 адам жараат алган. Бирөө каза таап, 287си ооруканага жаткырылган, калганы үйдөн дарыланган.

Саясий эксперт Нурсултан Акылбек президенттин Октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуусу тууралуу буларга токтолду.

“Президент бир акыйкат нерсени белгилеп кетти. Биринчиси, былтыркы төңкөрүш парламенттик шайлоо адилетсиз өткөндүктөн деп айтты. Муну менен былтыркы окуяга акыйкат баа берилди. Анткени буга чейин социалдык тармак аркылуу революцияны мурда эле пландагам деген сөздү айткан. Бирок президент кайрылуусунда бир жыл ичинде бир дагы көрүнүктүү жетишкендик болгонун айта алган жок. "Экономикада, социалдык чөйрөдө мындай реформа болгон" деп айтса болот эле да. Эң башкы жетишкендиги катары Конституциялык реформаны айтып жатат. Бирок 2010-жылдагы Баш мыйзам эң узак жашаган Баш мыйзам. Конституцияны күнөөлөгөнү манипуляция. Элдин көңүлүн башка жакка буруу аракети”.

Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда, жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт деген кептер четке кагылганын, бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен аткарылып жатканын айтты.

Жапаров 5-6-октябрдагы башаламандыктан кийин 14-октябрда толук кандуу премьер-министр болуп шайланган. Ал президенттин милдетин бир ай аткаргандан кийин президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. 11-январда өткөн президенттик шайлоодо шайлоого катышкандардын дээрлик 80% добушу менен президент болуп шайланды. Президент Жапаров демилгелеген 11-апрелдеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда добуш бергендердин 85% президенттик башкарууга өтүүнү колдогон.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери Борбор Азиядагы бардык мамлекеттерге андан тышкары Орусия, Түркияга иш сапар менен барып келди. Анткен менен бир жылдан бери Кыргызстанга чет мамлекеттин бир дагы президенттин сапары уюштурула элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президенттин кайрылуусунда "жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды" деген баасы туура айтылды деп эсептейт.

"Журт башчынын оюна кошулам. Башында ар кандай сөздөр болду эле, азыркы күнү дүйнө коомчулугу таанып, эсептешип калды. Кошуна мамлекеттердин ичинен Тажикстандан башка бардыгы менен мамиле жакшырууда. Соода-сатык боюнча дүйнөдө кымбатчылык болуп жатат. Ошол менен бирге Кыргызстанда дагы кыйынчылыктар болууда, ага кошумча пандемия дагы болуп калды. Бирок эл ичинде бажы тармагына нааразычылык бар. Товарлар кармалып, убагында келбей жатат. "Дордой" базарында эл дагы чыгып жатат".

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялардын мүчөлөрү жана жарандык коом эртеси күнү Бишкекте нааразылыкка чыккан. Аянтка чыккан эл менен милиция кагылышып, Ак үй басылып алынып. 10 күнгө созулган бийлик кризисинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, бийликке Садыр Жапаров келген.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Дмитрий Морев объяснил, что делают с парящим деревянным променадом в Архангельске



Жизнь

Фотопрогулка по советским городам. Классная серия!






Новости 24 часа

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»



Game News

Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры



Москва

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»



News Every Day

Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced



Настроение

Вечернее поле.



Москва

В МЧС назвали площадь крупного пожара на складе в Новосибирске



Коммерсантъ

Крымские кредиты оформили в Москве // По делу о растрате заочно арестован бывший председатель правления Тальменка-банка



Москва

Грядущая энергетическая блокада Китая Пентагоном оживила «Силу Сибири-2»



Ролан Гаррос

Синнер повторил достижение Джоковича и Надаля по победам на "Больших шлемах"



Москва

Отельеры вступают в Игры дружбы // Стоимость размещения в гостиницах растет



Арцах

«Райский цветник» Бакиханова и азербайджанские фальсификации. ВИДЕО



Симферополь

Арт-знакомство «Искусство должно давать счастье и радость»



Москва

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота



Москва

Собянин: Около обновленных поликлиник создано более 600 зон отдыха



Москва

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Специалист рассказали пензенцам, как избавиться от жажды в жаркую погоду

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Эксперты рассказали москвичам, как правильно организовать летний отдых с ребенком

Первая официальная презентация CrypTouch в Москва-Сити. Объявление о масштабном розыгрыше


Москва

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота






Rss.plus

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

До плюс 50 градусов: Каким городам России грозит аномальная жара летом 2024 года. Опубликован список

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

Moscow.media
Москва

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карди Би

Между Карди Би и рэпершей BIA начался биф




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Один из лидеров «Салавата Юлаева» подписал контракт с ЦСКА: теперь официально

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024

Неделя легкой атлетики пройдет в Москве


Даниил Медведев

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Бизнес

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России