Украинада коронавирустан бир суткада 546 адам көз жумду
Жалпысынан 41 миллион калкы бар өлкөдө COVID-19 62 миңдей адамдын өмүрүн алды.
Соңку айда украин бийлиги карантин чараларын акырындап күчөтүүдө. Мыйзам чыгаруучулар бийликке жыл аягына чейин чектөөлөргө жол ачкан өзгөчө кырдаал абалынын мөөнөтүн узартышты.
Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу 30-октябрдан тарта бир жумалык дем алыш жарыяланды.
Маалыматтарга караганда, бул маалда соода борборлору, кафе-ресторандар, сулуулук салондору жана фитнес-клубдар жабылат. Массалык иш-чараларга тыюу салынат.