УКМК кылмыштуу топторго шайлоого кийлигишпөөнү эскертти
![УКМК кылмыштуу топторго шайлоого кийлигишпөөнү эскертти](https://gdb.rferl.org/0bd80000-0aff-0242-4aed-08d9a8fb985f_w800_h450.jpg)
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата бир катар облустарда ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүздү.
Мурда-кийин сот жообуна тартылган бир катар адамдар 8-12-ноябрь күндөрү атайын кызматтын органдарына жеткирилип, аларга шайлоого кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого болбой турганы эскертилди.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)