Милянфанда үкөк бузулуп, кезек пайда болду
![Милянфанда үкөк бузулуп, кезек пайда болду](https://gdb.rferl.org/25fcbe2d-3940-4d3d-931c-d1eb9bdccffc_tv_w800_h450.jpg)
Милянфандагы №7129 шайлоо тилкесинде үкөк ачылып, шайлоочулардын кезеги пайда болду. Үкөк партиялык бюллетендерди тааныбай, иш убактылуу токтоп, акт түзүлдү. Бул Милянфандагы чоң добушкана. Ушул саатка карата 1800 адамдын 50% шайлоого катышкан.