Түркияда кыргызстандык кыздар сексуалдык кулчулуктан куткарылганы кабарланды
Түркиянын Ялова шаарында атайын уюштурулган операциянын негизинде жети өзбекстандык, үч кыргызстандык кыз-келиндер куткарылганы кабарланды. Алар күч менен сойкулукка мажбурланганын 10-январда жергиликтүү "Ихлас" маалымат агенттиги билдирди.
Жалпысынан 14 түркиялык жаран чет өлкөлүк кыз-келиндерди сойкулукка мажбурлаганы аныкталып, камакка алынган. Алардын арасында төрт киши мамлекеттик кызматкер экени айтылат.
Тинтүү жүргүзүлгөн үйлөрдөн ондогон тапанча, 15 чөнтөк телефон жана акча табылган.
Суракка алынган 19 жаштагы кыргызстандык кыз аны иштеткен кишилер боюнан алдыртканын, дарылануусу бүтө электе сойкулукка мажбурланганын айтып берген. Куткарылган 10 чет өлкөлүк кыз-келиндер өлкөлөрүнө депортацияланганы кабарланды.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда окуп-иштеп жүргөн 25 миңдей кыргызстандык бар. Бейрасмий иштегендердин саны миңдеп саналат. Алардын дээрлик көпчүлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. (ElB)