Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Министрликтин реформасы: Бейшеналиев менен Жумабековдун тиреши

Министрликтин реформасы: Бейшеналиев менен Жумабековдун тиреши

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков бири-биринин ишмердүүлүгүн сындап чыгышты.

Жумабеков министрге жооп берди

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди "жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат" деп айыптады. Ал 3-февралда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылды.

"Мени кызматтан алам дегенинин бир себеби жаңы оорукананы салдырбаш керек болуп жатат. Салдырса өзүнө алыш керек окшойт. Бул курулуш Катар мамлекетинде чечилген. Ооруканадагы "коррупцияны, жеке менчигине айлантып алды" дегенин түшүнгөн жокмун. Таластыктар чогулуп алды деп, трайбализмге айыптаптыр. Бул жерге келип, "100 кишинин алдында таластыктар чогулуп алдыңар, силерди жоготом, кетирем" деп бакырыптыр. Бул жерде иштегендердин 5-7% гана таластыктар түзөт", - деди Жумабеков.

Ал жылына 13-15 миңдей бейтапты кабыл алган травматология борборунда операция жана дарылоо гана жүргүзүлбөй, медицина жаатында илимий эмгектер жазыларын, аны кайра түзүүгө каршы экенин айтты.

"Ушундай илимий борборду өзгөртөм деген абсурд. Бул деген регресс, артка кетүү. Илимий борборду ооруканага айлантып жатабыз. Жөн гана райондук оорукана болуп калат. Эч кандай илим-билим жок", - деди директор.

Директор Жумабековдун маалымат жыйынынан кийин Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун ондогон кызматкери имараттын алдына чогулуп, борборду кайра түзүүгө каршы пикирин билдиришти.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду "оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды" деп айыптаган.

“Менин реформамды элдин баары жактырып жатат. Ошол кезде таанышын колдонуп Бишкек илимий изилдөө борборун түзүп алган. Эми ушундай кылган уят! Ошо менен баарына жетти, мүчө-корреспондент, академик болду. Эми токтотуш керек да. Түркия, Орусиядан кыргыз травматологдору келе жатат. Алар эл үчүн иштейт. Ал жакта баары туугандарыныкы. Дарыканалардын баары карындашыныкы, бухгалтер тууганы, башкы дарыгер өкүл баласы, дагы айтайынбы? Жөн эле жүрүп улуумун деген болбойт. Болду эми, баарын жеп бүттү!".

Бейшеналиев “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде, илимий борборду тез жардам ооруканасы катары кайра түзүп, ал жерге кесипкөй адис дайындай турганын маалымдады.

“2017-жылы балдардын онкологиялык ооруканасы салынмак. Анан 2019-жылы иниси спикер болуп калып, өзүнө ал акчаны алып кетип калган. Совет учурунда ошол жерде "Тез жардам" ооруканасы болгон. Мисалы, сенин апаң ооруп калса, ошол жерден дарылайт. Хирург, кардиолог жана башка адистер болот. Азыр ооруган апаңды "Тез жардам" салып алып шаарда ташып жүрөт. Муну мен кылбасам ким кылат?”, - деди Бейшеналиев.

Тараптардын тиреши көйгөйлөрдү көрсөттү

Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов Кыргызстанда жаш медиктердин тажрыйба топтоп, адистигин өнүктүрүүгө шарт түзүлбөй жатканын айтууда. Анын пикиринде, өлкөдөгү көпчүлүк ооруканаларда чыныгы менежер жетишпейт. Тажрыйбалуу дарыгерлер оорукананы канча жыл башкарса да, жаш дарыгерлерди таптоого көңүл бурбай жатканын белгиледи.

“Калп айтпасам, көпчүлүк ооруканаларда 20-30 жылдан бери отурган жетекчи дарыгерлер. Жаш жетекчилердин саны аз. Эгерде бул маселени азыр чечпесек, 5-6 жылдан кийин коркунучтуу абалга келебиз. Жаштардын таянганы жок, жакшы тажрыйба ала албай жатат”, - деди Исмаилов.

Медицина илимдеринин доктору, экс-депутат Ташболот Балтабаев тармактагы башкарууда башаламандык орун алганын сындады. Ал Бейшеналиев менен Жумабековдун талашын атайын комиссия иликтеп чыгып, чечим чыгарышы керек деп эсептейт.

“Комиссия түзүп, изилдеп чыгышыбыз керек. Министр айткандай Жумабеков өзүнүн менчик ооруканасындай пайдаланып жатабы же туура багытта колдонуудабы? Оорукананы менчикке айлантып алганы аныкталса, жумуштан айдалышы керек. Жеке клиника уюштуруп алып, иштей берсин. Эгерде жакшы уюштурулган системаны бузуп жатса, министрди кой деш керек. Бул тиреш мамлекеттик башкаруудагы тартиптин жоктугун көрсөттү”. 

Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов министрдин "Тез жардам" кызматынын өзүнүн ооруканасын түзүү демилгесин колдойт. Ошол эле учурда иштеп жаткан изилдөө борборун өзгөртүүгө каршы. Абдраманов тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

“Экөөнүн тең максаты бир. Министр деле реформа кылууга аракет кылып жатат. Жумабеков деле 20 жылдан бери түзгөн борборун коргойт. Мисалы, мен дагы Жалал-Абаддагы борборду башкарам. Андайды түзүү оңой эмес. Экөө отуруп сүйлөшүп, коомчулукка залакасы тийбегендей болушу керек. Медицина коомчулугун экиге бөлбөшүбүз зарыл. Эми жаш бала эмес, чоң кишилербиз да”, - деди Абдраманов.

Министр Бейшеналиев менен белгилүү травматолог Жумабековдун тиреши медицина тармагында бир топ көйгөйлөрдү козгоду. Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар өлкөдөгү ооруканаларды узак убактан бери жетектеген жетекчилер бир топ экенин, алар башкарууда өзүм билемдик кылып жатканын айтышат. Кээ бири министрдин реформасы медицина тармагындагы жолго коюлган системаны башаламандыкка алып келерин жазып жатышат.

Журналист Шайырбек Абдрахман кыргыз медицинасында Сабырбек Жумабеков белгилүү, тажрыйбалуу дарыгер экенин эске салды.

“Мен министрдин "Жумабековдой дарыгерлер толтура" дегенин уктум. Ооба, дарыгерлер толтура. Бирок, Жумабековдой адистер аз. Ал Кыргызстанда эмес, Борбор Азияда баалуу кадр. Мыкты кадрларды кетирбей, кармашыбыз керек”, - деди Абдрахман.

57 жаштагы хирург Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун 2004-жылдан бери башкарып келет. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, бир жылдан кийин өз калоосу менен кайра мурунку жумушуна кайткан. Ал бир нече эл аралык жана мамлекетиик сыйлыкка татыган. 2007-жылы 16-декабрда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда парламентке бийликчил "Ак Жол" партиясынан депутат болуп шайланып, беш күндөн кийин, 21-декабрда мандатынан баш тарткан. Бир тууган иниси Дастанбек Жумабеков Жогору Кеңештин депутаты, 6-чакырылышта спикер болгон.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин кызматка дайындалган. Ал коомчулуктагы бир топ сынга карабай, медицина тармагында реформа жүргүзөрүн айтып келет. Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчисин алмаштырууда дагы жамааттагы айрым кызматкерлер менен пикир келишпестиктер орун алган. Бейшеналиев журналисттерге ачык, айрым билдирүүлөрү дайым талкууланып, сынга кабылган министр.

Сабырбек Жумабеков башкарган Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору 2004-жылы "Тез жардам" кызматынын клиникалык ооруканасынын базасында түзүлгөн. Оорукана 500дөй орунга ылайыкталган. Коомчулукта бейтапканадагы шарттын начардыгы тууралуу сын-пикирлер менен катар анын жетекчисин "мыкты ортопед, хирург катары" сыпаттагандар бар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган борбор Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзөт.

Министрлик борбордун айланасындагы реформаларды алгач 2021-жылы кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик органдары” жөнүндө жана “Борбор шаардын статусу” жөнүндө мыйзамдар менен түшүндүргөн. Бул мыйзамдарга ылайык, Бишкек шаардык кеңеши борборду түзүүчү боло албай турганын жана оорукана кайра түзүлүшү керектигин билдирген.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

АО «Транснефть - Север» провело плановое учение на НПС в Архангельской области



Жизнь

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ




Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Новости 24 часа

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000



Game News

Microsoft reckons its new Prism x86 emulation for Arm PCs is as good as Apple's Rosetta



Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.



News Every Day

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV



Блоги

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000



Москва

В Подмосковье завершается регистрация избирателей на предварительное голосование



Юлия Савичева

«Прыгала, как сумасшедшая»: Юлия Савичева рассказала об исполнении давней мечты в шоу «УТРО. ТНТ»



Москва

В Подмосковье завершается регистрация избирателей на предварительное голосование



Рафаэль Надаль

Рафаэлю Надалю подмигнул слепой жребий // Первым соперником 14-кратного чемпиона будет четвертая ракетка мира Александр Зверев



Москва

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»



Алексей Миранчук

Полузащитник "Аталанты" Миранчук показал фото с Кубком УЕФА из самолета



Симферополь

Выставка-обозрение "Из истории русского искусства"



Москва

Волшебное путешествие в мир музыки и кино



Москва

Собянин рассказал о реализации программы реновации в районе Филевский Парк



Москва

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

Конец Щусевых. Наследие создателя Мавзолея гниет на заброшенной даче?

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Москва

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.






Rss.plus

С чего начинается любое заболевание?

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000

Театр «Модерн» представит спектакль к 130-летию Олдоса Хаксли

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Лоза: Пугачева проигрывает Долиной в вокальном мастерстве




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


Новак Джокович

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Estischool - Школа за британською програмою



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России