Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Акаеванын туугандары илешкен Кумтөр чыры

Акаеванын туугандары илешкен Кумтөр чыры

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө байланыштуу мыйзамсыз иштерде мурдагы президент Аскар Акаевдин аялынын туугандарын атады.

Анда 2003-жылдан былтыркыга чейин аталган кенди иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын акциясынын миллиондогон долларга сатылышына Майрам Акаеванын жакындарынын тиешеси бар экенин билдирди.

2005-жылкы март ыңкылабынан бери сыртта жашап жүргөн Аскар Акаев былтыр Кумтөргө байланыштуу Кыргызстанга эки жолу келип көрсөтмө берип кеткен.

Акылбек Жапаров 15-февралда Бишкектеги басма сөз жыйынында Аскар Акаевдин туугандары аралашкан, "Центерранын" 44,3 миллион долларга сатылган акциялары тууралуу маалымат берди.

Анда мурдагы президент көрсөтмөлөрүндө коррупциялык элементтер болгонун ырастап, ошонун негизинде "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөр илгерилеп жатканын белгиледи.

"2003-жылы "Центерра" компаниясы түзүлгөндө австралиялык бир компания акцияларды алып, ошону 44,3 млн. долларга сатып кеткен. Ошонун аягы биринчи президенттин (Аскар Акаев - ред) туугандарына келип такалган. Аны 2012-2013-жылы Башкы прокуратура дагы териштирип, далилдеп берген. Аялынын жакын туугандары качып жүргөн экен, алар дагы тастыктады. Кимиси күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот улам чечим чыгарып берип жатат. Эгер Кумтөрдү кыргыз элине алып бергенде президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эмес".

Акылбек Жапаров мурдагы президенттин аялы, Майрам Акаеванын туугандарынын аты аталган, Австралияда катталган Central Asia Gold деген компания тууралуу былтыр да сөз кылган. Ал ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты болчу жана кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Анда Жапаров "Мушкат" деп аталган юридикалык компаниянын корутундусуна таянып Central Asia Gold компаниясынын Акаевдин үй-бүлөсү менен байланышы болгонун жана анын Кыргызстандагы бир катар алтын кендерине ээлик кылганы тергөөдө аныкталганын маалымдаган.

“Бул компания эч жакта белгисиз, Австралияда катталган компания экен. “Центерра” Торонтодо фондулук рынокко чыгып жаткан маалда ошол компанияга эч түшүндүрмөсү жок эле 3 млн. 800 миң доллардан ашуун бааланган акциясын берген. Анан көп өтпөй эле 44,6 млн. долларга сатып жиберген. Мунун бардыгы кылмыш ишинде изилденип, далилденген. "Мушкат" юридикалык компаниясы дагы бул ишти изилдеп чыгып, анда абдан күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып, Акаевдин үй-бүлөсүнө айып тагуу керек” деген тыянак чыгарышкан. Бирок анын бардыгы кала берген. Аталган компания акцияларын сатып жиберип, Кыргызстанга келип, беш алтын кенинин лицензиясын алган. Анын арасында Талды-Булак-Сол жээк алтын кени да бар. Кийин ал компанияны казакстандык инвесторлорго сатып жибергени аныкталган. Анан инвесторлор Казакстандын президентине жакын адамдар деген негизде ишти андан ары иликтөө токтотулган”, – деген Жапаров.

Ал жетектеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Central Asia Gold компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Майрам Акаеванын жээни деп жазылган. Анда "Жамакеев” деген жаран мурдагы биринчи айымдын сиңдиси Санатгүл менен анын күйөөсү Марат Жамакеевдин уулу деп көрсөтүлгөн.

Бирок былтыр Майрам Акаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып, дооматтарды "жалган жалаа" деп сыпаттаган.

“Мунун баары жөн эле жомок. Кудай турат. Мына орозо күнүндө айтып жатам. Менин кайсы сиңдим, же болбосо анын кайсы баласы экенин тактап айтып беришпейби? Жүз Жамакеев бар. Бул жөн эле каралоо. Анткени ушул күнгө чейин биздин туугандарды канча ирет текшеришти. Ар нерсени жабыштырышты. Бирок эч нерсе тапкан эмес. Менин сиңдилерим карапайым эле адамдар. Андай болушу мүмкүн эмес. Мурда иликтешсе кабар берип, суракка чакырыш керек эле да. Бир дагы сиңдим бул боюнча чакырылган эмес. Алардын эч кандай байлыгы жок. Чын болсо ошол кезде эле доомат коюшат эле го. Менин бир туугандарым, Аскар Акаевичтин бир туугандары аман-эсен. Бардыгы тең ошол жакта. Алардын бардыгын кезинде суракка алып, текшеришкен. Алардын бирөө дагы жоопко тартылып, кандайдыр бир айып тагылган эмес”.

Аскар Акаев дагы буга чейин маектеринде Кумтөрдөн улам Акылбек Жапаровдун өзүн айыптаган жайы бар.

Израилде катталган "Мушкат" юридикалык компаниясын 2012-жылы ошол кездеги кыргыз бийлиги Кумтөргө байланыштуу жалдаган жана компания корутундусун бир жылдан кийин, 2013-жылы чыгарган.

Ошол жылы Жогорку Кеңеште тармактык комитетти жетектеген депутат Кожобек Рыспаев аталган компаниянын маалыматын угууга аракет кылышканын айтып берди.

"Ошол кезде аттары аталган, бирок бизге маалыматты бербей коюшкан. Ал жерде "кыргыз тараптан бир нече акционерлер, чоңдор бар экен, үлүштөрү бар экен" деген сөз чыккан да. Бирок алар тууралуу маалыматты бизге бербей коюшкан. Кыргыз тараптан Акаев эле эмес дагы башка акционерлер бар экен дешкен. Биз акционерлер кимдер, ачыкка чыгарбайсыңарбы деп маселе көтөргөнбүз, бирок бизге бербей коюшкан".

Аскар Акаевдин санаалашы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Акылбек Жапаровдун соңку дооматтарын четке какты. Ал "Мушкат" компаниясынын корутундусун көргөнүн, анда божомол гана жазылганын айтып жатат.

"2012-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда "Мушкат" деген израилдик бир компанияны "Аскар Акаевдин Кумтөргө тиешесин таап бер" деп жалдашкан экен. Алар болсо "жалпысынан 55,5 миллион долларды Акаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен болушу керек деген божомолубуз бар" деген отчет жазып беришиптир. Документти мен өз көзүм менен көрдүм. Жогорку Кеңештеги 6-чакырылышынын бир депутатынан сурап алып көрдүм. Мен силер "болушу керек" деген божомолду кантип колдонуп жатасыңар деп сурасам, "биз колдонгон жокпуз, Аны Акылбек Жапаров эле колдонуп жатат" дешти. Бул эми "Акаев Айды уурдап алыптыр" дегендей эле сөз да. Ал (Акылбек Жапаров -ред.) ошонусун эле кайталап жатса керек. Эгер ал ошонча акчаны алып кеткен болсо анда Акаевди камаш керек да, анда аны эмнеге эркелетишет? Дароо камашы керек болчу да".

Талгарбеков Талды-Булак-Сол жээк алтын кенине байланыштуу Майрам Акаеванын жээни Улан Жамакеевдин атынын аталышын дагы негизсиз деп билдирди.

"Талды-Булак деген кен Таласта дагы бар экен, Кеминде дагы бар экен. Таластагы Талды-Булакка учурунда аукцион жарыяланыптыр. Ошондо Улан Жамакеев арыз бериптир. Бир канча убакыт колунда лицензия болгон экен. Бирок акчасы жок, иштете албай кайра өткөрүп салыптыр. Ал лицензия жокко чыгарылган. Таластагы кен иштеген эмес. Кеминдеги кен болсо иштетилген экен. Талды-Булак-Сол жээк кенинен 11 миллион доллар "Кыргызалтын" аркылуу кайсы бир жакка которулган экен. Улан Жамакеев лицензия алганы документтерде турбайбы деп Акылбек (Жапаров - ред) муну дагы чаташтырып айтып жатат. Эгер Улан Жамакеев чынында эле Кеминдеги кенден 11 миллион доллар чыгарып кеткен болсо анда аны алып келип жазалашпайбы?".

Март ыңкылабынан тарта Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев былтыр Кыргызстанга келип, Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинин негизинде атайын кызматка эки ирээт көрсөтмө берген. Мурдагы президент маектеринин биринде ага карата "куугунтук токтотулганын, бардык иштер жабылганын" айткан. Бирок УКМК "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр маселесинде Акаевдин берген көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийгенин айткан.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Антон Шагин поддержал Всероссийский интеллектуальный забег «Бегущая книга»



Мир

На курорт - с летним настроением




Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Новости 24 часа

С чего начинается любое заболевание?



Game News

Helldivers 2 studio wants to slow down the pace of updates: 'We feel a slightly lower cadence overall will benefit both us, you, and the game'



Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.



News Every Day

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play



Авто

Мифы и реальность об «автогражданке» для мотоциклов



Москва

Клин и Серпухов стали лучшими управлениями МосОблЕИРЦ в Подмосковье



Концерт

Тариф – Концерт. Провести свой Концерт.



Москва

Клин и Серпухов стали лучшими управлениями МосОблЕИРЦ в Подмосковье



Ролан Гаррос

В пригороде Парижа открыли корты имени Даниила Медведева



Москва

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!



Владимир Путин

Кадыров заявил, что встретился с Путиным в Москве и пригласил его в Чечню



Симферополь

Массовая драка произошла на одной из улиц Симферополя



Москва

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!



Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин



Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

Планы США и ЕС провалились. Мишустин назвал козыри России в Азии

ПАРФЮМ С ЗАПАХОМ УГОЛОВНОГО ДЕЛА

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин


Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.






Rss.plus

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Театр «Модерн» представит спектакль к 130-летию Олдоса Хаксли

С чего начинается любое заболевание?

Творческие способы использования мозаики из стекла в садовом дизайне

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Моргенштерн

Связанную с Моргенштерном* блогершу Ахметову лишили родительских прав после видео, на котором она душила дочь




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


ATP

ATP-250 Open Parc – Lyon. Бублик поборется за выход в финал



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России