Башкы прокуратура “Чыгышэлектрден” коррупциялык схема аныкталганын билдирди
![Башкы прокуратура “Чыгышэлектрден” коррупциялык схема аныкталганын билдирди](https://gdb.rferl.org/c28a0000-0aff-0242-9752-08d9eaf12798_w800_h450.jpg)
“Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн. 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголуп, Тянь-Шань райондук электр тармактарынын жетекчиси, “Чыгышэлектр” ишканасынын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., жана Ж.А.М., кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Буга чейин Башкы прокуратура 2016-2020-жылдар аралыгындагы электр энергиясына болгон карыздарды негизсиз эсептен чыгаруу боюнча "Ошэлектр" ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалгандыгын билдирген.